Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Азамат Алтай жана “Азаттыктын” 65 жылдыгы


Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында. 1980-жж.
Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында. 1980-жж.

“Азаттык” үналгысы — эл аралык “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматы — ушул күндөрү 65 жылдык мааракесин белгилөөдө. Анын туңгуч берүүсүн 1953-жылы 18-мартта обого чыгарган даңазалуу Азамат Алтай жана "Азаттыктын" ролу тууралуу чакан сөз.

Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги жана демократия жүрүмү үчүн “Азаттык” үналгысынын опол тоодой орду бар экендиги талашсыз. “Кансыз согуш” маалында пайдубалы түптөлгөн бул маалымат каражаты пост-советтик доордо да өзүнүн тарыхый милдетин аткаруусун улантууда.

Бул жаатта башка да замандаштар өз пикирлерин билдирип келишет. Азыркы тапта “Азаттык” үналгысынын ишмердиги жөнүндө Кыргызстандагы энциклопедияларда, окуу китептерде, илимий диссертацияларда жана публицистикалык эмгектерде калыс баалар берилип келет.

Бүгүнкү чакан макалабызда биз экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Батышта калып, илимге, журналистикага, котормочулукка жана публицистикага салым кошкон инсан — “Азаттыктын” алгачкы кызматкери, кийинчерээк (1984—1988-жж.) анын деректири болгон Кудайберген Кожомберди уулу (Азамат Алтай; 1920—2006), ошондой эле “Азаттыктын” кыргыз коомунун демократиялык өнүгүүсүндөгү орду жана мааракеси тууралуу учкай эскермекчибиз.

1960-жылдардан тартып “Азамат Алтай” ысымы менен кеңири таанылган агайыбыз өмүрүнүн соңку жылдары жазган эскерүүлөр 2010-жылы Бишкекте кыргызча жарык көрдү.

Булак: Азамат Алтай (1920—2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. — Бишкек: Интерполиграф, 2010. — 320 бет, сүрөттөр. — ISBN 978-9967-26-039-9.

Ал эми жакында америкалык изилдөөчү Жефф Лили (Jeff Lilley) мырза Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын өмүр таржымакалдарын салыштырма ыкма менен сыпаттаган жаңы эмгегин жарыялады. Айтмакчы, Чыңгыз Айтматов совет доорунда эле “эл душманы” катары “кара тизмеде” болгон Азамат Алтай менен тартынбастан жолугушуп, баарлашып, анын жан дүйнөсүн түшүнө билген зирек кыргыз айдыңдарынын бири болгон.

Залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматов 2007-жылы 12-декабрда өзүнүн туулган күнүндө «Азаттыктын» кабарчысы Кубат Оторбаев менен курган маегинде «Азаттык» үналгысынын өлкөдөгү демократиялык жүрүмдү чыңдоодогу мындан аркы озуйпасын белгилеген:
- ...Ушул “Азаттыкты” баягы жылдары "Кайра куруу" заманында күнүгө угуп турбасак болчу эмес эле. Азыр дагы ушул “Азаттыктын” жаңы бир өзүнүн милдети болот го деп ойлоп жатам да. Демократия бир жолу эле курулуп, бир жолу эле жетилип калбайт экен. Себеби, сөзсүз демократия - агымда болуш керек, дайым жалгаштырып туруш үчүн, “Азаттыктын” дагы бир кызматы (мындан ары) ошого жумшалсын, - деген эле Чыңгыз агай.

"Азаттыкчылар" Ч.Айтматовду коноктоодо. Мүнхен ш. 1988.
"Азаттыкчылар" Ч.Айтматовду коноктоодо. Мүнхен ш. 1988.

“Азаттыктын” түптөлүшүнүн кыртышын жана анын тарыхын иликтегендер үчүн өзгөчө баалуу булактардын бири — бул Азамат Алтайдын эскерүүсү десек жаңылышпайбыз деп ойлойм.

Маселен, Азамат Алтай агабыз өзү 1953-жылдын башындагы окуяларды мындайча эскерген:

...Ошо кезде Мүнхенде ”Советтер Союзун иликтөө" институту уюшулуп, китепканалар ачылып, антикоммунисттик аракеттеги адамдардын башын кошуп турган, антибольшевиктик комитеттер уюшулган. Ар бир калк өкүлдөрүн жиберип, конференциялар өтүп турду. Согуштан кийинки Советтер Союзундагы оор турмуштан ар кандай жолдор менен алынган маалыматтарды басма сөздөрдө, радиодо кабарлап турушту. Биз да ошондой аракетке кирдик.

“Азаттык” радиосун биздеги пантүркчүлүк салт-санаага таянып, "Түркстандык редакция” деген атта ачтык. Анда баш редактор, редактордун орунбасары жана спикер деген наамдар бар эле. Немистер менен иштешкендиктен, Карис Канатбай ага менен Ахметжан Оморканды радио кабыл албады.

Редактор кылып Асан Кайгы деген казакты дайындадык. Асан Кайгы — согуштан алган аты. Өз аты Мавликеч эле. Асан ага Ленинград университетин бүтүргөн, согуш убагында Хайдарбек университетинде окуган, жеткен окумуштуу адам эле. Аган орунбасар кылып Вели Зунун деген өзбек, айтышына караганда, согушка чейин “Кызыл Өзбекстан” газет редакциясында кызмат кылган журналист экен. Кийин немистерге туткунга түшкөндө түркстандык миникомитет дегенде иштеп, анда да журналистик ишин улантса керек.

Калкынын саны боюнча кыргыздар үчүнчү болуп, Түркстан редакциясындагы спикер деген наамды кыргыздарга беришти. Спикер мен болдум. Төртүнчү орундагы түркмөн туугандардан катчылыкты Мурат Ташмурат деген жигитке ыйгардык”.

“Азаттык” үналгысы үчүн тушоо кесүү күнү — 1953-жылдын 18-марты болуп калды.

Дал ушул күнү эл аралык радиодо алгачкы жолу кыргыз доошу чыкты. Кыргыздын “Азаттыктагы” алгачкы берүүсүн даярдап, обого чыгарган инсан – Азамат Алтай агабыз болчу. Ошондуктан символдук түрдө аны “Азаттыктын” негиздөөчүсү” деп урматтап келебиз.

1953-жылы 5-мартта СССРдин диктатору Иосиф Сталин каза болду. Бул окуя “Азаттыктын” калыптануу күндөрүнө туш келди. Азамат Алтай агабыз ошол март күндөрүн мындайча эскерген:

“...Так ушул күндөрү Сталин кайтыш болду. Ошондо чечен туугандардан Абдрахман Афтарханов деген жигит "Укмуштуу адамдарды жок кылган мыкаачы Сталин өлдү” деген узун макала жазды. СССРде жашаган калктардын он бир тилинде радио берүүбүз бар эле. Ушул макаланы биз өз тилдерибизге которуп, радио аркылуу бердик”.

Азамат Алтай агай өзүнө таандык чынчылдыгы менен алгачкы берүүнү өзгөчө толкундануу менен даярдагандыгын эскерүүсүндө эч жаап-жашырбастан эскерген:

Мен өзүм которгон макаламды окуганымда биринчи жолу микрофонго сүйлөгөндүктөнбү, же мени да көптөгөн кыргыздар угуп жатышат деген таасирге туш болдумбу, колум титиреп, окуй албай, эмне болсо да акырына чейин окуп чыктым”.

Булак: Азамат Алтай (1920—2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак). — 102-103-беттер.

"Азаттыктын" Мүнхендеги алгачкы имараты. 1953.
"Азаттыктын" Мүнхендеги алгачкы имараты. 1953.

Менимче, дээрлик бардык эле журналисттер обого алгачкы жолу берүү даярдаганда толкунданбай койбосо керек. Бирок алардын бир даары бул сыяктуу жагдайларды моюнга ала бербейт.

“Азаттыктын” кыргызча берүүлөрүн Азамат Алтай агайыбыз 1953-жылдын март айынан тартып обого чыгаргандыгы жөнүндө сөз кылганда, бул агайыбыз ага чейин да Батыш Европадагы айдыңдык турмушка жигердүү катышкан бирден-бир кыргыз болгонун да баса белгилөө абзел.

Маселен, ал Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык мамлекеттик ишмер Александр Керенский (1917-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн акыркы жетекчиси), советолог окумуштуу Александр Беннигсен (Alexandre Bennigsen, 1913—1988), полиглот, чыгыш таануучу Ханс (Йоханнес) Бензинг (Ганс, Йоханнес Бенцинг; Johannes Benzing; 1913—2001), Түркияда башпаана тапкан башкыр түркологу Ахмет Зеки Велиди Тоган (Ahmed Zeki Velidi Togan; 1890—1970), ошондой эле Мустафа Чокайдын жубайы Мария Яковлевна (никеге чейинки тегаты Горина; 1888—1969) жана башка интеллектуалдар менен тыгыз байланышып, коомдук жана илимий жыйындарда чыгып сүйлөп, Кудайберген Кошой жана башка адабий ысымдары менен макалалар жазып, “Түрк Эли” журналына кыргыз редактор катары салым кошуп турган.

Демек, анын “Азаттыктагы” ишмердиги 1953-жылга чейинки антикоммунисттик айдыңдык жана журналисттик ишмердигинин ырааттуу улантылышы болуп саналат.

Азамат Алтай агай кийинчерээк АКШга кетип, ал жакта түркология жаатын тейлеген илимий китепканаларда иштеп калган чакта дагы “Азаттык” үналгысы менен үзбөй кызматташып турганы дурус маалым.

Анын "Азаттык" үналгысындагы чыгармачыл жолун Төлөмүш Жакып уулу жана башка кичүү кесиптештери Мүнхенде, кийинчерээк Прагада жана Бишкекте татыктуу улантышты.

Бул шилтемеден Төлөмүш агай 1959-жылдын этегинде даярдаган берүүнү уксаңыз болот:

URL: https://digitalcollections.hoover.org/objects/46561/kyrgyz-service-broadcast-recording-from-3-december-1959-and?ctx=81a0204f-d0f7-4097-9506-41e610d7bf87&idx=3

Азамат Алтай 1991-жылы Кыргызстандын эгемендикке жетишин өз өмүрүндөгү эң баалуу, эч нерсеге алмашкыс бакыт катары баалаар эле.

1995-жылы Азамат Алтай “Манас” эпосунун миң жылдык шарттуу мааракесине өзгөчө сыйлуу конок катары катышып, киндик каны тамган айылына чейин барып, Таласты кезип, Түгөлбай Сыдыкбек уулу сыяктуу даанышмандар менен жолугуп, чечекейи чеч боло АКШга кайтты.

Түгөлбай Сыдыкбек уулунукунда конокто. Бишкек. 1995-жылдын августу.
Түгөлбай Сыдыкбек уулунукунда конокто. Бишкек. 1995-жылдын августу.

Азамат Алтайдын 55 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келишинин алдында өлкөнүн Жогорку Соту сталиндик доордо ага тагылган доолордун бардыгын негизсиз деп жокко чыгарып, аны толук актагандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиев агайыбыз өтө мыкты баяндаган.

Тоңдо ата-бабаларга куран окутуу маалында. 1995-жылдын августу.
Тоңдо ата-бабаларга куран окутуу маалында. 1995-жылдын августу.

Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчи Роза Отунбаеванын сунушуна ылайык, Азамат Алтай 1990-жылдардын ортосунан тартып Жалал-Абат мамлекеттик университети менен Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мыкты окуган студенттерине жеке стипендиясын бере баштаган. (Ага чейин Азамат агай АКШга барган кыргыз студенттерине жана башка жаштарына каржылык көмөк берип келген эле).

2003-жылы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын мурдагы советтик жумурияттарга берүү уюштурган канаты (Radio Liberty) өзүнүн 50 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи.

Биз, Кыргыз кызматынын (“Азаттык” үналгысынын) Прагадагы жетекчилиги, Азамат Алтай аганы Нью-Йорктон Прагага чакырдык.

Ал кезде 83 жаштын чайын ичкен аксакалыбыз Прагадагы ошол эл аралык мааракенин төрүнүн көркү болду. Ал Борбордук Азия аймагынан бул мааракеге катышкан жападан-жалгыз ардагер аксакал болду.

“Азаттыктын” тийешелүү кызматынын башатында турган интеллектуал, публицист жана журналист катары ал Прагадагы жыйындарга жана тойго жандуу катышканын көрүү — биз үчүн чоң кубаныч эле.

Азамат Алтай менен Томас Дайн. Прага. 06.6.2003.
Азамат Алтай менен Томас Дайн. Прага. 06.6.2003.

Ал өзү да Кыргыз кызматынын Прагадагы жамааты менен да байма-бай жолугуп, жалпыбызга ак батасын берди. Эми “Азаттыкта” эгемен Кыргызстандын өзүнөн келген, азыркы Ала-Тоодогу кыргыздардын адабий тилинде камчы салдырбай сүйлөгөн жаш кесиптештери иштеп калганын аксакал ыраазылык менен баса белгиледи.

Азамат Алтай менен тээ Мүнхенде чогуу иштешкен, күлгүн чагын бирге өткөргөн орус жана башка европалык тилдердеги кызматтардын ардагерлери Прагадагы мааракелик салтанаттар маалында аны менен кучакташып көрүшүп жатышты. Аксакалды алар “Берген” деп атап жатышты.

Көрсө, 1960-жылдардан тартып обого чыккан жана жарык көргөн макалаларында ал өзүн Азамат Алтай деп тааныштырганы менен, кесиптештери анын азан чакырып коюлган атын (Кудайберген) кыскартып, мурдагыдай эле “Берген” дешчү тура.

(Бул ысымы тууралуу жумшак юмор катылган эскерүүсүндө Азамат Алтай мындайча жазат: “...Кудайберген деп менин эски досторум да чакырат. Бирлери “Кудай” деп да чакыра башташты да. Кудай дегендерге: “Жок, силер мени “Кудай” дебегиле, толук айткандан зериксеңер, анда анын экинчи бөлүгү бар, “Берген” деген. “Берген” деп чакыргыла!” десем, ошентип айтып жүрүштү”).

“Азаттыктын” кадырман ардагери Азамат Алтай акыркы деми калгыча Кыргызстандын демократиялык келечегин, улам жаңы муундар анын эгемендигин чыңдашын тилеп, аксакалдык осуятын айтып жүрдү.

Азамат Алтай “Азаттыктын” 50 жылдык мааракеси маалында. Прага ш. 06.6.2003.
Азамат Алтай “Азаттыктын” 50 жылдык мааракеси маалында. Прага ш. 06.6.2003.

Азамат Алтайдын ишин улантуучулар “Азаттыктын” милдетин татыктуу аткарып келүүдө.

Дегиңкиси, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун КМШдагы кызматтарынын ичинен Кыргыз кызматы (“Азаттык” үналгысы) өзгөчө жолдуу болду.

1989-жылы августта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кызматтарынын жетекчилеринин ичинен алгачкы жолу “Азаттык” үналгысынын деректири Аким Өзгөн Ала-Тоого эркин келген (анын советтик виза алышына Михаил Горбачевдун кеңешчиси Чыңгыз Айтматов көмөк кылган).

1990-жылы “Азаттык” үналгысы Бишкекте өзүнүн алгачкы жергиликтүү кабарчысын тапкан (түрколог Кадыралы Конкобаев жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларынын мазмуну менен тааныштыра баштаган). Бул да Борбордук Азиядагы алгачкы саамалык болгон.

1991-жылдын апрелинен тартып кабарчылар көбөйүп, алар “Азаттыктын” жергиликтүү оперативдүү кабарларын даярдоого өтүшкөн. 1991-жылдын 19—21-августунда эскичил коммунисттердин майнапсыз аяктаган кутум далаалаты маалында да “Азаттык” үналгысы Бишкектен оперативдүү кабар таркатып турду.

1992-жылы “Азаттык” үналгысы өз берүүлөрүн Кыргызстанда орто жана ультра кыска толкунда обого чыгара баштады.

2005-жылдын 24-мартындагы Биринчи элдик ыңкылапка 28 күн калганда жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Экинчи элдик ыңкылапка чейин 28 күн калганда, “Азаттыктын” жергиликтүү жыштыктарда берүүсүнө бөгөттөр коюлган. Бул учурларды эске албаганда, Кыргызстанда “Азаттык” өз берүүлөрүн үзгүлтүксүз таркатып келди. Бул да Борбордук Азиядагы уникалдуу көрүнүш.

2003-жылы, президент А.Акаевдин бийлигинин тушунда, — бул бийлик “Азаттыктагы” бейтарап маалыматтарды кээде кырды-бычак маанай менен кабыл алганына карабастан, — “Азаттык” үналгысынын 50 жылдык мааракеси Бишкекте жана облустарда кеңири иш-чаралар аркылуу белгиленди. Аларга айдыңдардан жана карапайым атуулдардан тышкары, бийлик өкүлдөрү да, оппозиция жана укук коргоочулар да астейдил катышып беришти.

2006-жылы май-июнь айларында, — президент К.Бакиевдин бийлигинин тушунда, — ошол жылы 23-майда Нью-Йоркто каза болгон Азамат Алтайдын элесине багышталган коомдук иш-чаралар Бишкекте жана Бөкөнбаев кыштагында өткөрүлдү. Бул эскерүү чараларына да коомдун бардык катмарынын өкүлдөрү, анын ичинде бийлик өкүлдөрү жана оппозиция да жандуу катышты. АКШдагы Кыргыз элчилиги да өз алдынча эскерүү чараларын уюштурду.

Бөкөнбаев кыштагындагы Азамат Алтайды эскерүү маалы. 01.6.2006.
Бөкөнбаев кыштагындагы Азамат Алтайды эскерүү маалы. 01.6.2006.

Бул фактылар — пост-советтик Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жана оппозиция эл ою менен эсептешип, чогуу-чаран иш-аракет кылууга далаалат жасаган учурларды айгинелейт жана бул кырдаал — кыргыз элинин, кыргыз атуулдук коомунун чоң утушунун мөмөсү деп ойлойм.

Быйыл, менимче, “Азаттык” үналгысынын 65 жылдыгы, ал эми эки жылдан соң — Азамат Алтайдын 100 жылдык мааракеси Кыргызстанда коомчулук тарабынан кеңири белгиленет деген үмүттөмүн.

Парламенттик демократияны куруу нугун жарыялаган азыркы бийлик да бул мааракелерге байланыштуу атуулдук коом менен эриш-аркак иш алып барат ко деп ойлойм.

"Азаттык" үналгысынын Прагадагы баш кеңсеси.
"Азаттык" үналгысынын Прагадагы баш кеңсеси.

Маараке кут болсун, урматтуу “Азаттык” үналгысынын жамааты, анын угармандары, көрөрмандары жана интернет барагынын окурмандары!

XS
SM
MD
LG