Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

АЗАМАТ АЛТАЙДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖЫЙЫНЫ БӨКӨНБАЕВДЕ БОЛОТ


2006-жылдын 31-майында Ысыккѳл облусундагы Бѳкѳнбаев айылында совет заманындагы даңазалуу кыргыз диссиденти, публицист жана журналист, “Азаттык” үналгысынын негиздѳѳчүсү Азамат Алтайдын жаркын элесине арналган эскерүү жыйыны өткөрүлөт. Жыйын дареги: Азамат Алтай кѳчѳсү, 2-үй, Бөкөмбаев айылы, Тоң району, Ысыккөл облусу.

Кудайберген Кожомбердиев (1960-жылы АКШда жүргөндө алган ысымы - Азамат Алтай) 1920-жылдын 15-сентябрында Ысыккѳл облусунун Тоң райондагы Корумду айылында (ал кийин Кызылчек айылы аталган, азыркы Бѳкѳнбаев айылына жуурулушкан) жарык дүйнөгө келген.

Мектепти аяктагандан кийин Түптѳгү зооветтехникумда окуган. 1940-жылы аскерге чакырылып, Каунас шаарындагы аскердик курстан окуган. Улуу атамекендик согуш башталганда Литванын аймагында германдык фашисттерге туткунга түшкөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң ал сталиндик тоталитардык режим мурдагы согуш туткундарына ырайымсыз мамиле жасап жатканы тууралуу билип, Батыш Европада калууга аргасыз болот. Францияда бозгунчулукта жүргѳн кезинде Батыштын чыгыш таануучу илимпоздору менен кызматташып, Борбордук Азиядагы элдердин тилиндеги басма сѳз маалыматтарын илимий чөйрөгө киргизүүгө чоң салым кошот.

1953-жылы Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын баш кеңсесине кызматка алынат. Ошол жылы 18-мартта “Азаттыктын” («Radio Liberty») туңгуч берүүсү кыргыз тилинде Азамат аганын үнү менен обого чыккан. 1984-1988-жылдары Азамат Алтай “Азаттык” үналгысынын (“Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын) директору болуп иштеген. Түптөлгөн алгачкы күндөрүнөн бери бул радио кыргыз угармандарына объективдүү, бейтарап, ыкчам маалымат таркаткан массалык маалымат каражаты катары ѳз ишмердүүлүгүн ырааттуу улантууда.

Азамат Алтай адам укуктарын коргоонун өзөккү асыл наркын, демократияны баалап-барктаган замандаштарынын сүймөнчүгү эле.

Азамат Алтайды эскерүү жыйынына интеллигенциянын, журналисттердин, укук коргоочулардын, расмий бийликтин өкүлдөрү, депутаттар, маркумдун туугандары, жакындары, достору, дегеле, аны кичи мекенинде эскерүүнү каалаган жамы журт катышмакчы.

Жыйынга тийешелүү бардык суроолор боюнча уюштуруу комитетине кайрылсаңыздар болот:

“Азаттык” үналгысы (Тынчтыкбек Чоротегин, Кубат Оторбаев), тел.: (312)-90-15-42, 90-15-44; 0517-795687; Президентке караштуу Адам укуктары боюнча комиссия (Турсунбек Акун), тел.: (312)-66-18-16; “Атуулдар коррупцияга каршы” Укук коргоо борбору (Тѳлѳйкан Исмаилова), тел.: (502)-573677; туугандарынын атынан - Тойчубек Турганбаев, тел.: 03947 91-4-92, 0502 537723.

XS
SM
MD
LG