Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Адегенде аң-сезимдеги ыштан арылалы


Бишкектин четиндеги таштанды талаасынан чыккан өрт. 7-декабрь, 2022-жыл.

Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Борбор шаарыбыз ышка көмүлүп баратат. Жака белдеги райондорду кошуп, Оштогу жагдай деле ойдогудай эместигин эске алганда, 2 миллиондой кишинин ден соолугу, өмүрү өтө кооптуу абалда калды. Мунун ичинде биз менен сиз барбыз.

Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат. Ыштан арылуу, аны азайтуу боюнча дүйнөлүк тажрыйба бар. Жергиликтүү шартта эмне кылуу керек деп ар түрдүү сунуштарды экономисттер менен экологдор айтууда.
Бирок ошол даяр билимди алып, ырааттуу колдонууга да эрк керек.

Бул түздөн-түз аң-сезимге, маданиятка тиешелүү. Б.а. саясий чечимдер ырааттуу чыгып, кыйшаюусуз аткарылышы үчүн бүтүндөй коом жана ар бир жаран ойгонушу, сергек ойлонуп, өзүнө да, чөйрөсүнө да, бийликтегилерге да бекем талап коё билиши керек.

Таштанды чыгаргыч болбойлу

Ыштын негизги булагы бир нече жыл мурдагы кырсыктан кийин 386 миллион доллар карыз акчаны коротуу менен туура эмес оӊдолгон ЖЭБ (жылуулук-электр борбору), жер тамдардагы мештерге сапатсыз көмүр, желим, резина, кыйкынды чүпүрөк жагылып жатканы жана катализатору жок машинелер деп жөндүү эле айтып жатышат.

Бирок абаны булардан кем эмес булгаган таштандылар бар. Чирип, быкшып, өрттөлгөнүнүн түтүнү шаарды коюу тумандай чулгап жатат. Бул жөнүндө да жетиштүү эле айтылууда. Биз ошол таштандыны кантип азайтабыз? Биринчи кезекте акыр-чикир каяктан, эмне үчүн көп чыгарылып жатканын карайлы.

“Тазалык шыпырган жерде эмес, шыпырынды кылбаган жерде болот” деген орус макалы бар. Бул түшүнүк кыргызга деле жат эмес. “Барган конушуңдан кеткен конушуң таза болсун” (дагы бир варианты: “Конор журтуңдан көчөр журтуң таза болсун”) деп илгерки көчмөндөр жер-сууну ыйык деп билген, кутун качырбайлы, мазарына шек келтирбейли деп баскан-турган жерин мал жайган жайытына чейин таза күткөн.

Керектөөчүлүкпү же мителикпи?

Чындыгында ашыкча таштанды – ченебеген керектөөчүлүктүн (“элди” туураган, ээрчиген куру дымактын, сугалактыктын) натыйжасы. Базар шартында эл канчалык көп товар сатып алса, өндүрүшчүлөр менен соодагерлер үчүн ошончолук жакшы, айланып келип экономиканын өсүшүнө да өбөлгө түзүлөт дешет. Керектөөнү башкы орунга койгон коом – базар экономикасынын негизи, тиреги. Бирок ошол “керек” делген нерселердин канчасы чындап керек да, канчасы эч кандай пайдасы жок, атүгүл зыяндуу?

Бир жолку пайдаланууга ылайыктап жасалгандын ордуна көпкө чейин колдонгудай буюмдарды тандаган оң эмеспи? Сумканын бир чөнтөгүнө сыйгыдай чүпүрөк баштыктарды ала жүрүүдөн жалкоолонуп, жашоо чөйрөбүздү бүт бойдон желимге көөмп салдык...

Кийилбес кийит, желбес азык, төгүп-чачкан ысырапкорлук... Кошунасына же тууганына эрегишип тез-тез жаӊырта сатып алган түркүн буюмдардын канчасы түз эле таштандыга агылууда... Булардын көбү дегеле пайдаланылбай, шифонерге эмес, кампага шыкалып батпай ары-бери сүрүлүп, уйпаланып жүрүп эскирет.​

Кечер кечүү, ичер суу

Шаар сыртына миңдеген тонна ташылып, гектарлап жерди тарытып, абаны булгап/уулап жаткан таштандыда эмнелер гана жок! Бирөө үчүн керексиз буюмга башка бирөө жете албай жүрөт эмеспи. “Бирөө кечерге кечүү, бирөө ичерге суу таппайт”. Аш-тойлордогу ысырапкорчулукту жоюп, үнөмдөлгөн каражатты муктаж үй-бүлөлөргө, балдар үйлөрүнө даректүү жеткирүүнү салтка айлантуу керек.

Эски буюмдарды чогултуп, муктаждарга тараткан атайын тармак болушу зарыл.

Коомубуз кайдыгерликтен арылып, колу жукаларга кайрылышкан күйүмдүүлүк кайрадан салтка айланса, тонналаган азык, миллиондогон сомдук байлык бөөдө коромжу болбойт, муктаж үй-бүлөлөргө жетип турмак. Ошондо жалпы жашоо чөйрөбүз заттык жагынан да, рухий жагынан да тазарат, ооругандар азайып, ынтымак бекемделет.

Эс-мас абалдан качан чыгабыз?

Азыр унутулуп бараткан “ышын” деген этиш сөз бар. Ышынган киши иш кылуудан жалкып, уйкудан ойгонсо деле дароо туруп кеткиси келбей жылуу төшөктө жата берет. Бул сөз меши, мору жок эле ортодогу очокко от жагып, түтүнү толук чыга электе түндүктү тарта салып уктай берген илгерки доорду эске салат. Ырас, ошол заманда көпчүлүк сергек, чыйрак болгон, ыш жыттанган жылуу үйдөн көпкө чейин чыкпай отура бербеш керектигин билген окшойт.

“Мешке жаккан от жалындап күйбөй, мору да ышка толуп калганын билбей уйкуга кирген бир үй-бүлө бүт бойдон ууланып өлүптүр. Анын жытына да көп адамдар акырындык менен көнүп, эс-мас абалда жата берет экен”. (Жыл сайын кышында көп айтылып-жазылуучу “жаңылыктардан”).

Кеп бир гана санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртып, жашоо чөйрөбүздүн тазалыгын сактоо зарылдыгында эле эмес. Азыр маалымат мейкиндиги да бардык деӊгээлдерде ушак-айыӊ, карандай каралоо (же апырта мактоо), балит сөгүнүү, опуза, каратып туруп айтылган калп ж.б. акыр-чикирге толуп кетти. Абаны булгаган ыш асмандан жаап жаткандай, рухий чөйрөнү уулантып жаткан сөздөр жана ким эң кымбатын кийет, жейт ж.б. дегендей мактанчаактык, “элита” делген өйдөкү катмардан фейктер аркылуу жалпы коомго таңууланып жатат...

Биз көкүрөгүбүздү кайдыгерликти ышынан тазартып, сугалак, ачкөз, куру дымактуу наадан, ээрчиме болбосок, шаарыбыз да өзгөрөт, асманыбыз ыштан арылат.

Жолдош Турдубаев

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG