Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Ыш көйгөйү: уу заттар, сапатсыз көмүр жана таштанды


Бишкектеги ыш.

Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган түтүн маселеси каралды. Ага өкмөт өкүлдөрү, Бишкек мэри катышты. Жыйында ыш маселеси, таштанды полигону, жаңы конуштарды газга өткөрүү өңдүү маселелер талкууланды.

Абадагы уулуу заттар

Жыйындын башына депутат Марлен Маматалиев булганыч аба адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу презентация көрсөттү.

Эл аралык гидрометеорологиялык институттун маалыматына таянып Кыргызстанда 2010-2019-жылдар аралыгында жыл сайын адам өлүмүнүн 12-13% (болжол менен 4100-5000) абанын булганышынан улам болгонун айтты.

“PM2,5 – бул курамында сульфат, нитрат, оксид сыяктуу өзүнчө бир зыян химиялык бөлүкчөлөр экен. Ошолордун нормасы 15 эле болушу керек. А бизде, тилекке каршы, мурдагы жылы 420 болчу, азыр 320-350гө чейин көтөрүлүп жатат”.

Бирок зыйынга катышып жаткан жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова адам өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды жарыялоодо этияттык керектигин белгиледи:

“Суранат элем, адамдар дал ушул абадагы PM катуу бөлүкчөлөрү үчүн ооруп жатат же түздөн-түз өлүм ошонун айынан болуп жатат дегенди аябай абайлап айтыш керек. Анткени биздин маалымат такыр тескери болуп жатат.

Ноябрдын соңунда ЮНИСЕФтин "Булганыч абанын аялдар менен балдардын саламаттыгына, социалдык жашоосуна тийгизген таасири" деп аталган изилдөөсү чыккан. Анда Бишкектеги булганыч абанын айынан бир жылда 112 адам көз жумганы кабарланган.

Бирок Саламаттык сактоо министрлиги изилдөөдөгү маалыматты ырастаган эмес жана аны илимий түрдө негиздөо зарыл экенин билдирген.

Динара Кутманова мындан тышкары Кыргызстанга экологиялык К3 жана К4 деген класстагы күйүүчү-майлоочу майды киргизүүгө тыюу салуу сунушталып жатканын айтты:

“ Транспорттун 85% эскирген. Бирок ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын сапаты… Бизде бир маселе бар – жанагы К3 менен К4тү бизге таптакыр киргизбеш керек. Биздеги мунайды кайра иштетүүчү сегиз завод ушундай сапаты төмөн күйүүчү-майлоочу материалдарды киргизип жатат, контрабанда жолу менен кирип жатат. Алардын баары реализация болуп, машинелерге куюлуп жатат. Машинелер өзүлөрү эски болуп, анын үстүнө сапатсыз май куюлууда”.

Министр машинеден бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтуу үчүн мэрия менен чогуу эски маршруттук таксилерден арылып, анын ордуна автобус киргизүү керектигин, электр менен жүргөн таксилерди алуу пландалып жатканын белгиледи.

Таштанды жана көмүр ышы

Коомчулукта соңку жылдары таштанды талаасындагы өрттөн чыккан түтүн шаарды каптап, абаны булгап жатканы айтылып келет.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкекте полигонду ирээтке келтирип, таштандыны кайра иштете турган заводду куруу маселеси дээрлик чечилип калганын белгиледи.

Ал эки чоң компания менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын, Бишкекте 2023-жылы таштандыны кайра иштетүү заводу курулушу керек деген парламенттин тапшырмасы аткарыларын айтты:

“Бирөө чехтердин компаниясы, бирөө америкалык. Америкалык ишкана таштандыны 95% кайра иштетет, чехиялык компания 70%. Экөөнүн баасы ар кандай. Каржылоо булагы чечилген”.

Акыркы жылдары Бишкекти ыш каптаганын жаңы конуштарда тургундар сапатсыз көмүр жагып жатканынан көргөндөр арбын. Министр Динара Кутманова жакынкы жылдары ышты азайтуу үчүн Кара-Кече кенине көмүрдү байыта турган ишкана куруп, брекет жасоо сунушун бергенин айтты.

"Байытылган көмүрдүн табы жогору болуп, андан чыккан ыш да азаят" деди министр.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылга чейин конуштардын баарын газдаштырууну пландаган. Бирок Бишкек мэринин айтымында бүгүнкү күндө конуштардын болжол менен жарымына эле газ жеткирилген.

“Биз “Кыргызгазды” 1 долларга сатканда “Газпромдун” ушундай милдеттенмеси бар болчу – Бишкек шаарындагы 47 конуштун баарын 2023-жылга чейин газга өткөрүп бүтүшү керек эле. Тилекке каршы, бүгүн 27 конуш гана газдаштырылды. Анын болгону 30% жылытуу системасын газга өткөрдү. Себеби баасы кымбат болгондуктан биздин жарандар газга өтпөй, баягы эле арзаныраак көмүрдү пайдаланып жатат”, - деди Абдыкадыров.

14-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков ыш маселесин чечпей жатканы үчүн Бишкек мэрин жумуштан алууну сунуштаган.

"Элибиздин ден соолугун камсыздоо сиздин милдетиңиз. Сиз керек болсо гранттарды алып, ышты жок кылуу жолун иштеп чыгышыңыз керек. Үч токтом аткарылган жок. Мен ишенем, бүгүнкү токтом да аткарылбайт. Эмне үчүн сиздерде жоопкерчилик жок. Бул көйгөйдү биз кийинки жылы да карайбыз. Эмне үчүн дегенде сиздерде эрк жок".

Кыргызстан көмүрдөн кантип кутулат?

2021-жылы ноябрда Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитиндеги сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, жашыл экономикага өтөрүн билдирген.

"Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин өлкөнүн 94% тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат".

Бишкек соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарына кошулду. Алсак, World Air Quality Index порталы 11-декабрда борбор калаанын абасындагы зыяндуу РМ 2,5 бөлүкчөлөрүнүн көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен глобалдык алкакта эң булганыч шаарлардын сап башына чыкканын билдирген.

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" аналитикалык борбору менен ЕККУ академиясынын изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, акыркы алты жылда көмүр жакканда бөлүнгөн зыяндуу газдар 22% көбөйгөн. Кыргызстанда көмүргө муктаждык мурдагыдай эле күчүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG