Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Кутманова жабдуулар абанын сапатын ар кандай көрсөтүп жатканын билдирди


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Бишкектеги жана аймактардагы ыш маселеси талкууланды.

Депутаттардын суроолоруна жооп берген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова башкалаадагы абанын сапатын ченеген жабдуулар ар кандай көрсөткүчтү көрсөтүп жатканын айтты.

"Кыргызгидромет кызматынын 40тай аба ченегич жабдуусу бар. Бишкектеги абанын сапатын MoveGreen бейөкмөт уюму да текшерип, алардын жабдуусу ар кандай цифраны көрсөтүп жатат. Бул маселеге кылдат караш керек", - деди Кутманова.

MoveGreen уюмунун негиздөөчүсү, экологиялык активист Мария Колесникова "Азаттыкка" берген комментарийинде Кутманованын бул айткандарын жоопкерчиликтен качуу аракети деп баалады:

"Кутманова министр кызматына бекитилип жатканда дал ушул ыш маселесин чечем деп сөз берген. Кийин БУУнун өнүктүрүү программасынын көмөгү менен эки жыл ыштын себебин изилдеп чыгышты. Эми анын тыянактарына да өкмөт макул болбой жатат. Ышты азыр эч кандай изилдөөсү жок эле баарыбыз көрүп жатпайбызбы. Кыргызстандан азыр расмий органдардын 50 жабдуусу абаны текшерип турат. Алардын маалыматы онлайн түрдө дүйнөгө таркап жатат. Бизде мындай көп санда ченегич жабдуулар жок", - деди Колесникова.

World Air Quality уюмунун 12-декабрь, саат 14.45ке карата маалыматында Бишкек абанын кирдиги боюнча дүйнөдөгү эң булганыч делген үчилтикке кирди. Азыр Кытайдын борбору Бээжинден кийинки экинчи орунга чыкты. 11-декабрда биринчиликти берген эмес.

Аталган уюмдун тиркемесинде Кыргызстандагы жана Бишкектеги абанын сапаты боюнча маалыматтар Кыргызгидромет борборунун жабдууларынан алынганы көрсөтүлүп турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG