Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Садыр Жапаров ышты эл өзү көзөмөлгө алышы керектигин айтты


Бишкекти каптаган ыш.
Бишкекти каптаган ыш.

Президент Садыр Жапаров борбор калаанын үстүн каптаган ышты азайтууга эл өзү жардам бериши керектигин "Кабар" агенттигине бүгүн, 17-декабрда курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчы тик учак менен Бишкектин үстүнөн айланып учуп кыдырганын, ыш Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыгып жатат деген дооматтарга кошулбай турганын айтты.

"Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өзү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки-үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк. Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет", - деди президент.


Садыр Жапаров ошондон кийин дароо буйрук берип, рейд уюштурганын, мончо, үйлөргө резина, чүпүрөк-чапырак жагып жаткандарды аныктап, айыппул салууну буйруганын кошумчалаган. Мамлекет башчы өкмөткө жаңы конуштарга мончо салдыруу тапшырмасы берилгенин да билдирди.

Бишкек соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарына кошулду. Дүйнөлүк World Air Quality Index порталы 11-декабрда борбор калаанын абасындагы зыяндуу РМ 2,5 бөлүкчөлөрүнүн көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен глобалдык алкакта эң булганыч шаарлардын сап башына чыкканын билдирген.

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" аналитикалык борбору менен ЕККУ академиясынын изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, акыркы алты жылда көмүр жакканда бөлүнгөн зыяндуу газдар 22% көбөйгөн.

2021-жылы ноябрда Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитиндеги сөзүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, жашыл экономикага өтөрүн билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG