Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Өзбекстандык айдоочуларга жол эрежеси түшүндүрүлдү


Өзбекстандык айдоочуга жол эрежеси түшүндүрп жаткан милиционер. Баткен. 17-декабрь, 2022-жыл
Өзбекстандык айдоочуга жол эрежеси түшүндүрп жаткан милиционер. Баткен. 17-декабрь, 2022-жыл

Баткендин Кадамжай райондук милиция кызматкерлери бүгүн, 17-декабрда Кадамжай шаарындагы Фергана чек ара бекетинин алдында Өзбекстандын Сох, Шаймерден (Шахимардан), Жигит-Пирим анклавдарына каттаган өзбекстандык айдоочуларга жол эрежесин түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аларга Кыргызстандын эл жашаган айылдарын аралап баратканда ылдамдыкты азайтып, жол эрежесин сактоо керектиги тууралуу маалымат берилди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын маалымдашынча, анклавга кирип-чыккан айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыктан акыркы күндөрү үч жол кырсыгы катталып, жарандар ооруканага кайрылган.

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери былтыр, 1-апрелде ачылган. Бул бекеттен жеңил автоунаалар жана кичи автобустар өтө алат. Жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө чектөө коюлган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG