Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Илимпоздор жүз жылда жаныбарлар жана өсүмдүктөр азаярын эскертишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үстүбүздөгү кылымдын аягына чейин Жер планетасында жашаган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ар бир онунчу түрү жок болушу ыктымал. Бул тууралуу 3 миңге чукул окумуштуу катышкан иликтөөдө белгиленгенин The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Жер планетасындагы биотүрдүүлүктүн азаюусуна климаттык кризис жана адам фактору себепчи болот. Биологдор мамлекет башчыларына кайрылып, экосистеманы коргоо чараларын көрүүнү талап кылышты. Кайрылууга 2700дөн ашуун окумуштуу кол койгон. Алар 2030-жылга карай айлана-чөйрөнү коргоо жана Жердеги биотүрдүүлүктү сактап калуу чараларын баштоону талап кылышты.

Science журналына жарыяланган баяндамага ылайык, 2100-жылга карата Жердеги омурткалуулар түркүмүнө кирген жандыктардын 17% жок болушу ыктымал. Бул фаунанын табигый өзгөрүүсүнөн 184% көп.

Окумуштуулар Жер планетасы жапырт жок болуп кетүүнүн алтынчы дооруна киргенин белгилешүүдө. Мурдагы биотүрдүүлүктүн - динозаврлардын массалык жок болушуна жаратылышы фактору себеп болсо, бул жолу адам себепкер болуп калышы ыктымал. Жаратылышка терс таасирин тийгизип жаткан негизги фактор - глобалдык жылуулукка алып келип жаткан абага уулуу заттардын тарашы, токой, шалбаа жана талаалардын аянтынын кыскарып жатышы себеп болууда.

Ушул тапта флора менен фаунаны сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк Кызыл китепке сейрек өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 150 миң түрү киргизилген. Анын ичинен 42 миң түрү жакынкы аралыкта таптакыр жок болуп кетүү коркунучунда.

Биологдордун эсебинде адам баласы абага уулуу газдардын тарашын азайта алса, 2100-жылга карата Жерде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын 13% түрү жок болушу ыктымал. Адамзаттын жаратылышка аёосуз мамилесинен флора жана фаунанын 27% түрү жок болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG