Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

АКШ Орусиянын Украинадагы аскер кылмыштарын каттоого алат


Аткылоодон кыйраган мектеп. Дружовка шаары, Донецк облусу. 30-август, 2022-жыл.
Аткылоодон кыйраган мектеп. Дружовка шаары, Донецк облусу. 30-август, 2022-жыл.

АКШ Конгресси америкалык администрацияны Орусиянын аскерлери тарабынан Украинада адамзатка каршы жасалган кылмыштарына далил чогултууну тапшырды. Бул мыйзам долбооруна Конгресс коргонуу чыгашалары жөнүндөгү мыйзамдын алкагында макулдугун берди.

"Украинага кол салуудагы аскер кылмыштарына жоопкерчилик жана кылмыштардын алдын алуу" деп аталган мыйзамга ылайык, АКШ президентинин администрациясы "кол салуу мезгилиндеги аскер кылмыштары жана башка жырткычтыктар" жөнүндө маалыматтарды чогултуп, Конгресске алып келүүгө тийиш.

Документте тынч элге атайын жасалган чабуул, оорукана, мектеп, башкалка жайлардын бомбаланышы, элди мыйзамсыз депортациялоо, барымтага алуу, зордуктоо жана сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрү өзгөчө белгиленген.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - республикачы конгрессмен Майкл Маккол орусиялык аскерлер "тынч элге зомбулук көрсөтүү, кыйноо, өлтүрүү жоопкерчиликсиз калбасын билүүгө тийиш" деп айтты. Анын сөзүнө караганда, бул мыйзам кылмыш кылган орус аскерлерин келечекте сот жоопкерчилигине тартууга шарт түзөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалымдашынча, Орусия Украинага кол салгандан бери тогуз ай ичинде 6,5 миңдей жай тургун өлтүрүлгөн. Укук коргоочу уюмдардын маалыматына караганда, орусиялык аскерлер тарабынан 50 миңден ашуун аскердик кылмыштар жасалган болушу ыктымал.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG