Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин бекитти


Европа Биримдигинин желеги.
Европа Биримдигинин желеги.

Евробиримдик Орусияга Украинага басып киргенине байланыштуу санкциялардын тогузунчу пакетин бекитти. Бул ирет Бүткүл орусиялык аймактык өнүктүрүү банкынын операцияларына толук тыюу салып, дагы эки орус банкынын активдерин тоңдурду. Маалымат Евробиримдик Кеңешинин сайтына жарыяланды.

Андан тышкары, Евробиримдик өз аймагында НТВ, НТВ Мир, Россия 1, РЕН ТВ жана Биринчи каналды көрсөтүүнү токтотууну демилге кылды.

Брюссель Орусияга авиацияга тиешелүү товарларды жана жабдууларды, анын ичинде дрондорду экспорттоого салынган тыюуну кеңейтет.

Ошондой эле Орусиянын энергетика жана тоо-кен тармагына жаңы инвестиция салууга тыюу бар.

Орусиянын коргонуу тармагына тиешеси бар дагы 168 орусиялык компания жана ишканалар санкциялык тизмеге киргизилген. "Тизмеде аннексияланган Крымда же Севастопольдо жайгашкан Орусия көзөмөлдөгөн айрым уюмдар да бар", - деп айтылат маалыматта.

Евробиримдиктин Орусияга каршы мурунку - сегизинчи санкция пакети 5-декабрда күчүнө кирди. Документте мунайды белгиленгенден жогору баага сатып алууга тыюу салынган. Москвага буга байланыштуу чечимдерин жарыялай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG