Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Твиттердин мурдагы кызматкери "тыңчылык кылган" деп соттолду


 Ахмад Абуаммо.
Ахмад Абуаммо.

Сан-Францискодо сот Твиттердин мурдагы кызматкери Ахмад Абуаммону Сауд Арабиясынын пайдасына тыңчылык кылган деп айыптап, үч жарым жылга эркинен ажыратты. Reuters кабарлагандай, прокурор аны жети жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Абуаммо 2013-2015-жылдары Твиттерде иштеген. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал сауд диссиденттерин аңдып, алардын жеке маалыматтарын Сауд Арабия бийлигине берип турган. Бул иш үчүн ал сауд бийлигинен 200 миң доллар жана кымбат саат алганы айтылат.

Ошондой эле Абуаммо сауд бийлигине журналист Жамал Хашоггинин ишенимдүү өкүлү жана диссидент Омар Абдулазиздин маалыматтарын да жөнөтүп турганы жөнүндө кабарлар бар.

The Washington Post басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги 2018-жылы Стамбулда Сауд Арабиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген. АКШ чалгыны журналистти кармоо жана өлтүрүү операциясын сауд бийлиги уюштурган деп эсептейт. Эр-Рияд бардык айыптоолорду четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG