Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Президенттин сынынан кийин Ташкент мурда тыюу салынган автобустарды сатып алды


2021-жылы Өзбекстандан Бишкекке алып келинген Isuzu кичиавтобустары.
2021-жылы Өзбекстандан Бишкекке алып келинген Isuzu кичиавтобустары.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин транспорт системасын сынга алгандан кийин шаарга 120 автобус алып келинди. Анын ичинен 100ү президенттин жарлыгы менен 2018-жылы тыюу салынган Isuzu үлгүсүндөгү кичиавтобустар.

Ташкент шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, 13-декабрда Шавкат Мирзиёев транспорттук тейлөөнү жакшыртууну тапшырган. Андан соң коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн мекемелер аралык ыкчам штаб түзүлгөн.

14-декабрда Ташкентке MAN A22 үлгүсүндөгү көп жүргүнчү бата турган 20 автобус алынып келинген. 15-декабрда кичинекей 100 Isuzu автобусу жеткирилсе, Ички иштер министрлиги Ташкент автопаркына дагы 30 Isuzu автобусун белек кылган.

"Газета.uz" басылмасы белгилегендей, президент 2017-жылы декабрда кол койгон токтомго ылайык, Өзбекстанда 2018-жылдын март айынан тарта майыптыгы бар адамдарга ыңгайсыз коомдук транспортторду сатып алууга тыюу салынган.

2021-жылы эки тараптуу макулдашуу менен Өзбекстанда чыгарылган Isuzu автобустарынан 350 даанасы Бишкекке алып келинип, каттамга коюлган. Кийинчерээк социалдык желеде бул автобустар ыңгайсыз экени тууралуу пикирлер жазылган.

Жапониялык маркадагы аталган автобус газ менен жүрөт. Аны Самарканддагы "СамАвто" ишканасы чыгарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG