Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Минскиде Олимпиаданын байге ээси Надежда Остапчук кармалды


Надежда Остапчук
Надежда Остапчук

Минскиде укук коргоо кызматкерлери белгилүү беларус спортчусу, 2008-жылдагы жайкы Олимпиаданын ок атуу боюнча мелдешинде коло байге алган Надежда Остапчукту кармады. Бул тууралуу "Хартия-97" кабарлады.

Кармоонун себеби белгисиз, бирок буга чейин Остапчук бир нече жолу Александр Лукашенконун саясатын, бийликти сындагандарды куугунтуктоону ачык айыптаган.

Остапчук 2005-жылы Европа чемпионатында уткан алтын медалын аукциондо 11 100 долларга сатып, андан түшкөн каражатты Лукашенко режиминен жапа чеккен спортчуларга жана жай айларында жапырт нааразылык акцияларына катышканы үчүн камалган саясий туткундарга жардам катары берген.

Надежда Остапчук учурда Минскидеги Окрестина түрмөсүндө экени кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG