Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузиядан кармалды


Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Кыргызстандагы “Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузияда Интерпол уюму аркылуу кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы шектүүгө (Э.М. аял киши) Кыргызстандын укук коргоо органдары ири каржы пирамидасын уюштурган деген айып менен издөө жарыялаган.

Ал Бишкектеги Интерпол Улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча
Тбилисиде колго түшкөн.

Шектүү Бишкекте эле каржы пирамидасынын 15тен ашык филиалын ачкан. 2019-2021-жылдары ага Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 млн. 283 миң долларын алдаткан. Кармалган адам андан тышкары эки кишинин 154 миң доллардан ашык акчасын алдап алып кеткен деп шек саналууда. Ушул тапта аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, “Финико” компаниясы 2019-жылы
Орусияда түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30% жогорку кирешени убада кылган. Орусияда да жарандарга миллиондогон доллар чыгым келтирген.

Министрлик кыргызстандыктарды көп кирешени убада кылган шектүү
компанияларга ишенбөөгө чакырды.

Буга чейин “МедиаХаб” коомдук фонду “Калкты карызга батырган финансы махинациялары: “Сомо”, “Акчамат”, “Финико” аттуу журналисттик иликтөө чыгарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG