Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

УКМК: Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри (А.А.А.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2019-2021-жылдар аралыгында “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу үчүн, ишканадан көп өлчөмдө бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгарып турганы аныкталган. Ошондой эле тергөө “Бишкексветтен” 2 млн. 300 миң сом уурдалганын тактаган.

2016-2019-жылдары “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксат берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошуудагы мыйзамсыз иштеринен “Бишкекжылуулукэнерго” 31 млн. сомго жакын зыян тарткан.

Бул коррупциялык иштер болгон учурда муниципалдык эки ишкананы А.А.А. жетектеп турган. Ал кийин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын да аркалаган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат анын толук аты-жөнүн жарыялаган жок. Бирок УКМК тараткан инициал Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Абдылдаев Алимбек Анарбековичтин аты-жөнүнө туура келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG