Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Босния жана Герцеговина Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алды


Босния жана Герцеговина менен Европа Биримдигинин туулары.
Босния жана Герцеговина менен Европа Биримдигинин туулары.

Босния жана Герцеговина Европа Биримдигине (ЕБ) кошулууга талапкер макамын алды. Мындай чечимди Евробиримдиктин саммитинин катышуучулары 15-декабрда Брюсселде өткөн жыйында чыгарышты.

Босния жана Герцеговина Евробиримдикке кирүү үчүн 2016-жылы арыз берген. 2022-жылдын октябрында Еврокомиссия Евробиримдиктин кеңешине бул өлкөгө талапкер статусун берүүнү сунуштаган.

Босния жана Герцеговина 1992-жылы мурдагы Югославия мамлекетинен бөлүнүп, өз алдынча эгемен өлкө болгон. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

Ушуну менен Балкандагы өлкөлөрдөн Косовонун гана Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамы жок. Чөлкөмдөгү башка мамлекеттер мурда эле талапкер болгону менен уюмга кошулууда жылыш жок деген нааразылыгын билдирип келет. Түндүк Македония 2005-жылдан бери, Албания 2014-жылдан бери талапкер болгону менен Евробиримдикке кошула элек.

Евробиримдикке талапкер макамы берилген өлкөлөр уюмдун толук мүчөсү болушу үчүн анын талабына ылайык көптөгөн реформаларды жүргүзүшү зарыл. Андан кийин уюмга мүчө 27 мамлекеттин баарынын бир добуштан колдоосу керектелет. (BTo)

XS
SM
MD
LG