Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Башкы прокуратура: Кантта 52 млн. сомдук жемкорлук аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Кант шаарында суу менен камсыздоо, канализация комплексин ижарага берүү келишимин түзүүдө жана оңдоо иштеринде бюджетке 52 млн. 420 миң сом зыян келтирилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты Ысык-Ата райондук прокуратурасы Кант шаарынын мэриясында бюджеттик мыйзамдардын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзгөндө аныкталган

Прокуратура бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштады.

Кант шаарынын мэриясы Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG