Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды


Темир Сариев, Жодар Сайдилканов жана Авазбек Керимбаев.
Темир Сариев, Жодар Сайдилканов жана Авазбек Керимбаев.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 15-декабрда палатанын төрагалыгына талапкерлигин койгон тогуз кишинен ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырды.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер:

  • Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев.
  • “INTEGRA Engineering Group” ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов.
  • “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси 19-декабрда шайланат. Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Бул органдын регламентине ылайык, президенттикке талапкер болуп палатада буга чейин мүчө болуп келген, экономикалык чөйрөдө жана мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам каттала алат.

Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG