Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

“Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери дем алыш күндөрү да иштейт


Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери декабрь айынан тартып ишемби жана жекшемби күндөрү да иштей баштады.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады. Мекеме бул чек ара пункттары Кыргызстанга Кытайдан чыккан жүктөрдү жана автоунааларды гана тейлей турганын эскертти.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам жүк өткөрүү кескин азайып кетип, быйыл кайра калыбына келтирилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG