Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

ЖКда эки фракция Бишкектин мэрин кызматтан алуу сунушун берди


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Жогорку Кеңеште 15-декабрда Бишкек шаарын каптаган ыш көйгөйүн талкуулаган жыйында “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алууну сунуштады.

Маалыматка ылайык,сунуш жазуу жүзүндө берилбегендиктен, бул демилге азырынча парламент кабыл алган токтомго киргизилген жок.

“Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы да кызматтан алуу демилгесин көтөрдү. Ал мэрди кызматтан алуу тууралуу президентке сунуш берүү Жогорку Кеңештин ыйгарым укугуна кирбей турганын айтты.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Конституция боюнча парламенттин мындай укугу бар деген жооп кайтарды.

Ага чейин талкуу учурунда Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетүү ниети жок экенин, пландарын ишке ашыруу үчүн жок деген үч жылдан беш жылга чейин убакыт керек экенин айткан. Ошондой эле Бишкекте кара түтүн жеке турак жайларда жагылган көмүрдөн, автоунаалардан чыккан түтүндөн жана Бишкек жылуулук электр борборунан болуп жатканын билдирди.

Садыр Жапаров 64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыровду быйыл февраль айында Бишкектин мэри кылып дайындаган. Бишкекте таштанды, транспорт, түтүн көйгөйү чечилбегендиктен, калаа башчыга сын-пикирлер айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG