Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

Дүйшөмбүдө үйлөр жакшы жылыбай жатканына нааразылык жаралды


Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын айрым райондорунун тургундары жылуулук тармагынын ишине нааразы болуп жатышат. "Озоди" радиосу кабарлагандай, жашоочулардын айтымында, быйыл үйлөрдөгү борбордук жылытуу батареялары бөлмөлөрдү толук жылытпай жатат.

Калаанын Жылуулук тармактар башкармалыгы комментарий берген жок, бирок "Барки Точик" мамлекеттик энергохолдинги мындай көйгөйдү ырастап, буга Өзбекстандан келген газдын азайышы себеп экенин билдирди.

Өзбек бийлиги өткөн аптада ички тартыштыктан газ экспортуна чектөө киргизген.

Суук түшкөнү Өзбекстанда да энергетикалык каатчылык күчөп, газдын жана жарыктын өчүп жатышы элдин нааразылыгын жаратууда. Башкалаа Ташкенттин тургундары үйлөрү жылыбай жатканын социалдык түйүндөрдө жазып, бийликти буга чара көрүүгө чакырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG