Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Польшанын Сейми Орусияны терроризмди колдогон өлкө катары тааныды


Польшанын Улуттук ассамблеясынын төмөнкү палатасы Орусияны терроризмди колдогон мамлекет катары тааныды.

Бул тууралуу Сейм шаршемби күнү бекиткен резолюцияда айтылат.

Документте Орусия "адам укуктарын, БУУнун уставын, эл аралык милдеттенмелерди такай бузуп, башка мамлекеттердин аймактарына чабуул коюп, куралдуу кол салуу менен согуш кылмыштарын жасап, геноцид кылып жатканы" айтылат. Орусия энергетика тармагын кошкондо "душмандык экономикалык ишмердик менен алектенип" жатканы айтылат.

Украинага басып киргени үчүн буга чейин бир нече өлкөнүн парламенттери Орусияны терроризмдин демөөрчүсү же террордук режим деп жарыялашкан. Ушул эле резолюцияны Европарламент да жактырган.

Ушундай эле документ АКШ Конгрессине буга чейин бир нече жолу берилген, бирок кабыл алына элек. Жакында АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар комитети Орусиянын Украинага каршы аракеттерин украин элинин геноциди катары тааныган резолюцияны жактырды.

Москва орус аскерлери Украинада жайкын тургундарды өлтүргөнүн четке кагууда. Орусияда адам өлтүрүү фактылары тууралуу маалыматты тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG