Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Гараж кооперативдери мэрия алдына акцияга чыгышты (видео)


Бишкектеги гараж ээлеринин мэрия алдындагы акциясы. 2022-жылдын 15-декабры.
Бишкектеги гараж ээлеринин мэрия алдындагы акциясы. 2022-жылдын 15-декабры.

Бишкек шаарында Совет мезгилинде курулган гараж кооперативдеринин өкүлдөрү бүгүн 15-декабрда мэриянын алдына нааразылык акциясына чыгышты. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга 100дөн ашуун адам катышууда.

Алар мэриянын гараждарды буздуруу чечими мыйзамсыз экенин айтууда.

Чогулгандарга вице-мэр Нурдан Орунтаев чыгып, шаар башкармалыгынын позициясын түшүндүрүүгө аракет кылды.

Мэриянын муниципалдык жерде жайгашкан деген менчик гараждарды алуу аракети алардын ээлеринин нааразылыгына туш болуп келе жатат. Гараж ээлери кооперативге өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынан бери мүчө экенин, мүчөлүк акысын калтырбай төлөп жүрүшкөнүн, шаар башкармалыгынын аракети мыйзамсыз экенин айтып, нааразылык билдирүүдө.

Бишкекте гараж кооперативдеринин менчик укуктарын иретке келтирүү иши башталганын мэриянын басма сөз кызматы 16-ноябрда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 100-1500 машиналык орунга эсептелген жер тилкелерин ээлеп турган кооперативдердин ал жерге менчик укугу жок, алар муниципалдык жерди пайдаланып турганы үчүн ижара акысын төлөбөйт.

Бишкектин чет жакасындагы гараждар Советтер Союзу учурунда курулган. Быйыл жазында 11-кичи райондогу ири гаражды мэрия бузуп, жерди бошоткон. Гараж ээлери мэрия мыйзам бузуп жатканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. Анда милиция кийлигишүүгө мажбур болгон. Ал жерге шаар бийлиги Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу кабат үйлөрдү курууну пландоодо. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG