Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Бензиндин айрым түрүн өлкөгө киргизбөө сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга экологиялык К3 жана К4 деген класстагы күйүүчү-майлоочу майды киргизүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бу тууралуу бүгүн 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш маселеси талкууланып жатканда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди:

“Транспорт деп айтып жатабыз. Транспорт 85% эскирген. Бирок ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын сапаты… Бизде бир маселе бар – жанагы К3 менен К4тү бизге таптакыр киргизбеш керек. Биздеги мунайды кайра иштетүүчү сегиз завод ушундай сапаты төмөн күйүүчү-майлоочу материалдарды киргизип жатат, контрабанда жолу менен кирип жатат. Алардын баары реализация болуп, машинелерге куюлуп жатат. Машинелер өзүлөрү эски болуп, анын үстүнө сапатсыз май куюлууда”.

Ноябрдын соңунда ЮНИСЕФтин "Булганыч абанын аялдар менен балдардын саламаттыгына, социалдык жашоосуна тийгизген таасири" деп аталган изилдөөсү чыккан. Анда Бишкектеги абанын булганышынан бир жылда 112 адам көз жумганы кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты ырастаган эмес жана мындай суроолорго жооп берүүдөн мурда олуттуу иликтөө жүргүзүп, илимий түрдө негиздеш керектигин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG