Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Бишкек: Конуштарды газдаштыруу планынын жарымы аткарылган жок


Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде.

2023-жылга чейин конуштардын баары газдаштырылат деген Бишкекте бүгүнкү күндө газ конуштардын болжол менен жарымына эле жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш көйгөйү талкууланып жатканда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди:

“Биз “Кыргызгазды” 1 долларга сатканда “Газпромдун” ушундай милдеттенмеси бар болчу – Бишкек шаарындагы 47 конуштун баарын 2023-жылга чейин газга өткөрүп бүтүшү керек эле. Тилекке каршы, бүгүн 27 конуш гана газдаштырылды. Анын болгону 30% жылытуу системасын газга өткөрдү. Себеби баасы кымбат болгондуктан биздин жарандар газга өтпөй, баягы эле арзаныраак көмүргө өтүп жатат”.

Бишкекте соңку күндөрү ыш маселеси кайрадан курчуп жатат. Бул көйгөй Жогорку Кеңеште бүгүн тийиштүү мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен талкууланууда. Депутат Марлен Маматалиев Эл аралык гидрометеорологиялык институттун маалыматына таянып Кыргызстанда

PM2,5 зыян бөлүкчөлөрүнүн нормасы 15 болсо, азыр 320-350гө чейин жетип жатканын айтты.

Жыйынга катышып жаткан жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ыштан улам адамдар өлүп жатканы тууралуу билдирүү жасоодо этияттык керектигин белгилеп, аларда такыр башка маалымат бар экенин кошумчалады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG