Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Кыргызстанда 509 мектеп карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп карантинге жабылды.

Бул тууралуу билим берүү, илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

"15-декабрга карата карантинге жабылган мектептердин саны 509 болду. Биз күнүгө мектептердин санын тактап, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатабыз", - деди Ашымбаева.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. Ооругандардын 70% чукулу 14кө чыга элек балдар. Бишкек шаары менен Чүй облусундагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG