Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Стамбулдун оппозициячыл мэри абакка кесилди


Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу бийликке акаарат келтирген деген негизде эки жыл жети айга кесилди. Ошондой эле жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө да тыюу салынды.

14-декабрда шаардык сот ушундай чечим чыгарды. Чечим күчүнө кире электигине байланыштуу Имамоглу өз ордунда иштеп жатат. Анын иши Жогорку сотто каралышы мүмкүн.

Имамоглу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ачык каршы чыккан саясатчылардын бири.

Сот анын 2019-жылдагы билдирүүсүн “бийликти мазактоо” катары тааныган. Имамоглу анда бийликчил партиянын талапкерин жеңип, Стамбулдун мэрлигине шайланган. Бирок шайлоо комиссиясы бурмалоо болгонун айтып, шайлоону жараксыз деп тапкан. Имамоглу кайра шайлоодо да уткан. Ал шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн эл алдында “акмактар” деп атаган, сот муну 2022-жылы кылмыш деп тапкан. Түрк мыйзамдарына ылайык, бийликти кемсинткендер төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

Экрем Имамоглу биринчи президент, реформачыл Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген Түркиядагы негизги оппозициялык жана светтик болуп саналган Республикалык элдик партиясынын мүчөсү.

Буга чейин 25 жыл бою Стамбулдун жетекчилиги консервативдүү исламчыл партиялардын өкүлдөрүнөн турган. Имамоглу келерки жылы Түркияда өтө турган президенттик шайлоодо Эрдогандын дымактуу атаандашы болору айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG