Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

БУУ "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эн белгиси.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эн белгиси.

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулду.

“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Ал бул сунушту быйыл сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында берген.

Быйыл Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана өлкөнүн чет мамлекеттердеги мекемелери бул демилгени тажрыйба түрүндө ишке ашыруу боюнча иш-чараларды уюштурду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG