Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Алматыда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын мүчөлөрү кармалды


Кыймылдын мүчөлөрү. Архивдеги сүрөт.
Кыймылдын мүчөлөрү. Архивдеги сүрөт.

16-декабрда Алматыда "Oyan, Qazaqstan" жарандык кыймылынын алты активисти кармалды.

Активист Асем Жапишева полиция кыймылдын мүчөлөрү Бота Шарипжанды, Нагашыбек Бекдаирди жана Бауржан Адилханды үйлөрүнөн кармап кеткенин билдирди. Көп өтпөй ал өзү да кармалган. Укук коргоо органдарынан азырынча комментарий боло элек.

Өткөн жылы да 16-декабрда аталган кыймылдын активисттери кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулган.

"Oyan, Qazaqstan" кыймылын жаштар 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин түзүшкөн. Анын мүчөлөрү саясий реформаларды, реалдуу көп партиялуулукту жана адилеттүү шайлоолорду жактайт.

Казакстанда Эгемендик күнү белгиленген 16-декабрда жыл сайын активисттер кармалат. Укук коргоочулар бийлик мындай жол менен Желтоксан жана Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу нааразылык акцияларды болтурбоого аракет кылып жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG