Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды


Президенттин стипендиясын алган студенттер. 16-декабрь, 2022-жыл.
Президенттин стипендиясын алган студенттер. 16-декабрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган мыкты 70 студентке президенттик стипендияларды тапшырды.

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров анда өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдой турганын айтты.

“Мамлекетибиздин негизги ресурсу - интеллектуалдык көрөңгөсү бай, идеялары оргуштаган демилгелүү жаштар - студенттер. Өлкөбүздүн келечеги да жаңы-жаңы ачылыштар, табылгалар, жаратмандык иштерде жаштык демин, курч мүнөздү терең билим алуу менен айкалыштыра алган дал ушул жаштардын колунда экени белгилүү”, - деди Жапаров.

Билим берүү жана илим министрлиги 70 студентке мактоо баракчасы жана 60 миң сом стипендия берилгенин билдирди.

Жыл сайын өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия тапшырылат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 28 мамлекеттик, 46 жеке менчик жогорку окуу жайлары бар. Анда 213 миңден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк студенттер окуйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG