Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Болот Назаровдун сотунда жабырлануучулар көрсөтмө берди


Болот Назаров.
Болот Назаров.

Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча кийинки соттук отурум 27-декабрда болот. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүнүн адвокаты Бакытбек Автандил уулу Чүйдүн Москва райондук сотунда өткөн биринчи жараянда жабырлануучу тарап көрсөтмө бергенин, алар Болот Назаровго доосу жок экенин айтып соттон ишти кыскартууну суранганын билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төкмө акынды 9-ноябрда Чүйдүн Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат.

Болот Назаров 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайра кайтарып бергенин билдирген.

Болот Назаров Ютубга жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. 15-октябрда Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайда бийликти сындап ырдаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG