Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Кыш менен келип, жаз менен кеткен көк түтүн


Ыш каптаган Бишкектин бийиктиктен көрүнүшү.

Бишкек соңку бир нече күндө дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын сап башына чыгып, маселе Жогорку Кеңеште талкууланды.

Адатта калааны каптаган кара түтүн маселеси кыш келгенде козголуп, кыргыз өкмөтү кабат-кабат убада берет. Бирок айтылгандардын көбү күн жылып, жаз келгенде эстен чыгат. Министрлер кабинети быйыл да ыш маселесин чечүү үчүн дымактуу пландарын жарыялап, жыл жаңырары менен иш башталат деп убада берди.

Бийликтин дымактуу демилгелери

Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Бишкектин экологиясы боюнча өкмөттүн бир катар планын айтып, ар бирине кенен токтолгонго аракет кылды. Кутманова жетектеген мекеменин сунуштары мындай:

  • Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдү байытып, аны брекеттей турган фабрика куруу. Долбоордун алгачкы этабы 2023-жылы ишке ашат.
  • Бишкектин борбордук бөлүгүнө “жашыл аймак” түзүп, алгач 200, анан 500, соңунда 1000 электр энергиясы менен жүргөн такси коё берүү. Долбоор 2023-жылдын биринчи кварталында пилоттук негизде башталмакчы.
  • «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын от казандарын толугу менен газга өткөрүү. Азыр алардын көбүндө көмүр жагылат.
  • Бишкек шаарын жашылдандырып, бакчалардын санын көбөйтүү.
  • Кыргызстандын аймагында К3, К4 классындагы күйүүчү майды өндүрүү жана сатууга тыюу салуу.

Министр Кутманова жогоруда айтылган долбоорлорду алгачкыларын ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар насыя алына турганын айтты.

“Биз Дүйнөлүк банк менен 50 миллион доллар өлчөмүндөгү пайызсыз насыя алуу боюнча келишим түздүк. 10 жылдык тыныгуудан кийин төлөй баштайбыз. Садыр Нуркожоевич 2021-жылы Глазгого барганда 2030-жылга чейин зыяндуу газдардын эмиссиясын 44% азайта турганыбызды айтканбыз. Ал жетиш үчүн 10 миллиард доллар керек, анын 7 миллиарды донордук көмөк болуш керек дегенбиз. Бул пландар климаттык программага кирген”.

Кутманова айтып жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган саммит былтыр Шотландиянын Глазго шаарында өтүп, ага катышкан Садыр Жапаров сөз сүйлөгөн. Глобалдык коомчулуктун алдында мамлекет башчы Кыргызстан үчүн мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн, экономикалык ишмердүүлүктөн сактап калуу маанилүү экенине токтолгон.

Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартууга аракет кыларын да жар салган.

“2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жетишүүгө аракет кылат. Кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы. Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык”, - деген Садыр Жапаров.

2021-жылы 19-мартта президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” деп аталган жарлыгы чыккан. Документте Министрлер кабинетине 7 бөлүктөн турган 30дан ашуун сунуш берилген

Буга чейинки убадалар

Бийликтин буга чейинки жана жаңы убадалары аткарылабы деген башкы суроо коомду түйшөлтөт. Анткени ыш маселеси башталган соңку үч-төрт жылдан бери дымактуу сөздөр көп айтылган.

Баш калаадагы абанын сапаты жыл сайын начарлап жатат. Мисалы, расмий маалыматта акыркы төрт жылда абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрттүн кош кычкылы 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен.

Абанын булганышына салым кошкон таштанды полигонуна байланыштуу маселе чечилбей, жыл бою түтөп турат.

Фотограф, эколог-активист Влад Ушаков бийликтин быйылкы убадасы жаз келгенде кайра эле эстен чыгып кетеби деп тычсызданган жарандардын бири:

“Соңку беш жылдан бери болгон мэрлер, өкмөт башчылар, бийлик башындагылар бир нече билдирүү жасашты. Бирок айтылган сөздөр ишке ашкан жок. Элди жооткото турган эле билдирүүлөр болуп калды. Эми жаңы айтылган убадаларга деле ишеничтин кереги жок. Анткени Бишкектеги ыш Кыргызстандын болгон көйгөйүнүн жыйындысы. Ошол эле башаламан курулуш, жыл бою түтөп жаткан таштанды палигону, ошол эле эски машинелер, сапатсыз күйүүчү майлар. Аны чечиш үчүн комплекстүү иш керек. Тескерисинче абал жыл сайын курчуп баратат. Ошон үчүн жылдагыдай эле билдирүү жасалат. Күн жылыганда унутуп калабыз”.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ыш маселеси жакынкы арада чечилбесин, бирок бир жылдан соң алгачкы жыйынтыктар тургундарга сезиле баштарын айтып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары ыш маселесин талкуулаган жыйындын соңунда токтом кабыл алды. Анда абанын сапатын жакшыртуу боюнча өкмөткө бир нече сунуш берилди. Жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын кызмат ордуна байланыштуу маселе да көтөрүлдү.

Кыргыз парламенти алгачкы жолу ыш маселесин көтөрүп, документ кабыл алып жаткан жок. “2019-жылы, андан кийин да ыш маселесин көтөрүп, кабыл алынган токтомду өкмөткө жөнөткөнбүз. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Токтомдун мазмуну кечээ кабыл алынган документке окшош болчу. Ага машинелерден чыккан ашыкча газдарды көзөмөлдөө, ЖЭБге чыпка коюу, мончо, жеке секторго жагылган көмүрдүн санын азайтуу сыяктуу сунуштар жазылган. Бирок бири да аткарылган жок. Мен бул жолкусуна ишенип турам. Бирок аларды аткарыш үчүн өкмөт каражат бөлүп бериш керек. Болбосо кийинки жылга калып кетет”, - дейт соңку эки чакырылышта парламентте депутат болуп отурган Эмил Токтошев.

Адистер калааны каптаган кара түтүндүн негизги фактору - Бишкектин жака белиндеги жаңы конуштар жаккан сапатсыз көмүр экенин белгилешет. Калктуу конуштарды газдаштыруу өз жемишин берген жок. Мисалы, “Газпром” 2023-жылга чейин шаардын айланасындагы 47 конушту толугу менен газга өткөрүү милдеттенмесин алган. Тилекке каршы, бүгүн 27 конуш гана газдаштырылды. Анын болгону 30% жылытуу системасын газга өткөрдү. Анткени газга туташуу, андан кийинки баасы да кымбат болууда.

Урбанизация боюнча адис Атай Самыйбек абаны каптаган ыштан кутулуу үчүн жарандардын жоопкерчилигине да көңүл бурууга кеңеш берет.

"Бул маселе президенттерге, депутттарга жана элге да тиешелүү. Баарыбыз бир аба менен дем алабыз. Бул бизди бириктирге турган нерсе. Экинчиден, үй-бүлөлүк бюджет деген бар. Ар бирибиз турмуш курам, чет өлкөгө эс алам деген сыяктуу пландарды түзөбүз. Келгиле, келерки жылга "мен жакшы от казан коем" деген план түзөлү. Биз азыр насыя алып, той берип атабыз. Анын ордуна жакшы үй салалы, жылуулук системасын өзгөртөлү. Бизден кийинки балдарыбыз абасы таза шаарда жашашы керек".

Бишкектеги абанын сапаты суук түшкөндө катуу сезилип, көпчүлүктү кабатыр кылып атканы менен жай саратанда да нормадан жогору болуп келет. Дарыгерлер Бишкектин абасы дем алуу органдарына, кан тамырларга, мээге терс таасирин тийгизерин эскертишет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG