Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

"Башкача грипп экен". Тумоодон улам мектептер онлайн окууга өттү


Онлайн окутууга өткөн мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Онлайн окутууга өткөн мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Саламаттык сактоо министрлиги 16-декабрга карата акыркы бир күндө тумоологон 10 миңге чукул адам ооруканага кайрылганын маалымдады.

"Ооруканадагы кезек сыртка чыгып калыптыр"

Бишкектин тургуну Наргиза Эргешова төрт баласы менен кошо өзү да ооруп жатканын, өзгөчө төрт жаштагы кичүү баласы катуу кыйналганын айтып берүүдө.

"Бул жолку грипп башкача оор келди. Мурда ичип жүргөн дарыларды такыр тоготпойт экен. Балдарым катуу ооруду. Кичинекей балам өзгөчө кыйналып, түн ичинде дене табы 40 градуска чейин чыгып кетти. "Тез жардам" чакырсак, "бригада жетишсиз, 5-6 сааттан кийин барат, кезекке жазабыз" деди. Аргабыз кетип, өзүбүз 3-ооруканага алып бардык. Ал жердеги кезек сырткы эшикке жетип калыптыр. Менчик клиникага бардык. Алар уулума ангина деген диагноз коюп, дары жазып беришти. Бирок бир да дары таасир этпей, таң атканча кыйналды. Колу-буту муздап, калчылдай баштаганда 3-ооруканага кайра бардык. Жатып дарыланалы десек, орун жок дешти. Алар башка диагноз коюп, ошол жерден дары тамчылатып, дагы дары жазып беришти. Врачтын көзөмөлүндөбүз, бир аз жакшы болуп калды. Үйдө дарыланып жатабыз".

Саламаттык сактоо министрлиги дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп жатканын маалымдоодо. Министрликтин маалыматына ылайык, 16-декабрга карата бир күндө ооруканаларга тумоологон 9382 адам кайрылды. Бул өткөн аптадагы жалпы бир жумалык көрсөткүчкө барабар. Ооруга чалдыккандардын 80 пайыздан ашууну 14 жашка чейинки балдар болууда.

Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги 16-декабрдан 24-декабрга чейин мектептерди онлайн окутууга өткөрүүнү чечти. Ал эми майыптыгы бар балдардын мектептери жана мектеп-интернаттар 30-декабрга чейин онлайн окутат.

Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов учурдагы кырдаалды тумоого каршы маалымат кампаниясы жүрбөгөнүнө байланыштырып, Саламаттык сактоо министрлигинин дарегине сын айтты:

“Мунун баары элдин жетиштүү маалымат албагандыгынан болду. Санэпидемстанция алдын ала чара көрүп, иш алып барды деп айтып жатасыз. Бирок интернет булактарынан андай маалымат тапканым жок. Алдын алган бир нерсени көргөн жокмун”, - деди депутат.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Батырова республикалык ден соолукту чыңдоо борборлору тарабынан жүргөн иш жетиштүү деңгээлде болбой калышы мүмкүн деп жооп берди.

Саламаттык сактоо министрлиги балдар арасында сасык тумоодон улам өпкөсү кагынып (пневмония), ангина жана башка жугуштуу ооруларга кабылып жаткандар көп болуп жатканын да белгилөөдө.

"Жүз киши сакайып чыкса, жүзү жаңы келүүдө"

Бишкектеги балдардын "Тез жардам көрсөтүү" ооруканасына күнүнө дээрлик 500гө жакын бала респиратордук инфекциядан улам козголгон илдеттер менен кайрылууда.

Аталган оорукана сасык тумоо күч алгандан бери урология бөлүмүн башка бөлүмдөргө которуп, андагы 30 койканы өпкөсүнөн кагынган балдарды дарылоочу жайга айландырган.

Бул тууралуу бейтапканынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

"Ал бөлүмдү кошумча ачканбыз. Бирок оорулардын саны азайган жок. Биз вирустук оорусу барларды жаткырбай, жугуштуу оорулар ооруканасына жиберип жатабыз. Жалаң клиникалык пневмония менен кайрылгандарды, оор абалда келгендерди баш тартуусуз жаткырабыз. Орун жок, коридорлорго да койка даярдап, дарылап атабыз. Түнкүсүн өзгөчө бейтапканалар иштебеген учурда бизге кайрылгандар көп. Мисалы, кечээ түндө эле 451 бала жалаң педиатрияга кайрылды. Бул ЛОР жана хирургия бөлүмүнө кайрылгандарды эске албаганда".

Учурда "Тез жардам көрсөтүү" ооруканасынын эки жандандыруу бөлүмү тең толгон.

Бишкек шаары. Иллюстрация.
Бишкек шаары. Иллюстрация.

Бишкектеги жугуштуу илдеттерди дарылоочу ооруканага түшкөн бейтаптардын да басымдуу бөлүгү балдар. 16-декабрга карата аталган бейтапканада 551 бала дарыланууда. Алардын 80% беш жашка чейинки балдар. Башкы дарыгер Гүлжигит Алиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, респиратордук инфекциядан күнүнө жүздөй адам айыгып чыкса, кайра ошончо адам ооруканага түшөт.

"Биздин оорукана 500 орунга эсептелген болсо, бүгүнкү күнү бизде 632 адам дарыланып жатат. 551 бала бар. Жүздөй кишини коридорлордо дарылоого аргасызбыз. Анткени бизге дене табы 39-40 градуска жетип, оор абалда кайрылган адамдарды кайтарып жибере албайбыз. Коридордо бир күн жатат, эртеси палаталарга бошогон орундарга жайгаштырабыз. Учурда гриппке, анын айынан козголгон түрдүү илдеттерден улам ооруканага кайрылган бейтаптар көп болууда. Учурда биздеги жандандыруу бөлүмдөрүндө жети бала жатат".

Гүлжигит Алиевдин айтымында, акыркы эки айда чочко тумоосуна чалдыккан 11 адам жугуштуу илдеттер ооруканасынан дарыланып чыкты. Алардан кийин бул илдетке чалдыккандар кайрылган эмес.

"Бейтаптардын анализдерин лабораториялык жактан иликтөө жолу менен чочко тумоосу аныкталат. Ал эми коронавирустун белгилери байкалган бейтаптар атайын бул инфекцияны аныктоочу тесттерди тапшырууга жиберилет. Бизге кайрылып жаткандардын арасынан коронавируска чалдыккандар катталган жок".

Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти респиратордук оорунун көбөйгөнүнө байланыштуу күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Натыйжада илдет көбөйүп жатканын белгилеген департамент адамдарды коомдук жайларда беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого, сасык тумоонун белгилери байкалган учурда тез обочолонуп, дарыланууга чакырууда. Ал эми балдарда курч респиратордук инфекциялардын белгилери пайда болсо, айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө талабын киргизди.

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу үчүн 130 миң доза вакцина сатылып алынганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул вакцина менен өнөкөт оорусу барлар, саламаттыгы чабал балдар, мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кош бойлуу келиндер, медицина кызматкерлери акысыз эмделет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG