Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

"Оорукана кабыл албай, көчөдө калдык". Инсультту дарылоо жолго коюла элек


"Тез жардам" автоунаасы, Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.
"Тез жардам" автоунаасы, Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги октябрды Кыргызстанда инсульттун алдын алуу айы катары жарыялады. Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2020-жылы жалпы 39 977 адам каза болсо, алардын 20 909у инсульт жана инфаркт сыяктуу жүрөк, кан тамыр оруларынан көз жумганы айтылат.

Инсультка кабылгандарды дарылоо, кайра калыбына келтирүү кыргыз медицинасындагы эң оор, чечилбеген көйгөй бойдон калууда.

"Апамды ооруканалар кабыл албай..."

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жашаган Канат Кармышковдун 66 жаштагы апасы 1-сентябрда инсультка кабылган. Кечки тамактан кийин отурган жеринен эле сол ыптасы жакшы иштебей, эстен тана баштаганда анын үй бүлөсү "Тез жардам" чакырат. Кант шаарындагы райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө түшүп, бирок ал жактан адистер томографиялык жабдуу жок болгондуктан, бейтапты Бишкекке жиберүүгө мажбур болушкан.

Инсульт алып, мээсине кан куюлган абалда бейтапты менчик "Тез жардам" кызматы менен жакындары Бишкекке алып келишкен.

"Кант шаарында томография тарткан жабдуу жок Бишкектеги менчик ЮРФА деген борборго алып баргыла дешти. Апам сыяктуу инсульт болгон бейтаптарды кыймылдатпай ташыганга ыңгайлашкан мамлекеттик "Тез жардам" автоунаасы да жок экен. Ушундай кызмат көрсөткөн жеке менчик кызматтарга кайрылдык. ЮРФАга алып келсек, томографиядан эки тараптуу гемаррогиялык инсульт деген диагноз чыгарышты. Мен нес болуп, эмне кыларымды, каяка алып барарымды билбей, ЮРФАнын имаратына жакын жайгашкан Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө чуркап бардым. Ал жактагы бөлүм башчыга "апамды ооруканага алып коюңузчу" деп жалдырасам да болбой "бүгүн кабыл алуу күнү эмес" деп койду. Анан жанындагы нейрохирургия бөлүмүнө жүгүрдүм. Ал жактагы бөлүм башчы биринчи "макул ооруканага жаткырам" деп жаткан. Сыртка чыгып, "Тез жардам" унаасындагы апамды көргөндөн кийин эле "орун жок" деп кайра баш тартып, дагы бир эки дарыгерди чакырса алар деле качып кирип кетишти. Ошентип биз инсульт болгон апам менен менчик "Тез жардам" автоунаасынын ичинде көчөдө калдык".

Айласы кеткен Канат апасын менчик неврологиялык ооруканага алып барып жаткырып, тиешелүү жардам алган.

Ал мамлекеттик ооруканаларда инсульт болгон адамды тез арада кабыл алуу жөнгө салынбаганына ызаланууда. Азыркы тапта Канаттын апасы инсульттан кийинки реабилитациялык дарылоого зарыл болуп турган чагы. Бирок бул багытта деле мамлекеттик атайын дарылоо жайларын издеп таппай коюшкан.

"Убакыттан уттуруп жатабыз"

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы эсеби боюнча өлкөдө бир жылда 39 977 адам көз жумган. Анын 20 909у кан айлануу системасында оорулардын курмандыгы болгон. Кан айлануу системасындагы эң курч оору - инсульт.

Мээсине кан куюлган адамды канчалык тез ооруканага алып келип, керектүү жардам берилсе, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончо жогорулайт. Ош облустук ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Абдуллаева бейтаптар дал ушул убакыттан утулуп калып жатканын белгиледи.

"Жаштардын арасында инсульт көбөйүп жатканы адис катары мени аябай түйшөлтүп жатат. Маселен, биздин ооруканада бир айда 40-50дөй инсультка чалдыккан бейтап жатса, ошонун он чактысы отуз же кырк жашка чейинки бейтаптар. Бизде бөлүмдө томография жок, негизи дүйнөлүк жана европалык дарылоо протоколдору, сунуштамалар боюнча инсультка шектелгендердин баарын томография кылышыбыз керек. Инсульттун ишемикалык түрүндө сөзсүз түрдө "тромоболизис" деген медициналык ыкма менен дарылоо зарыл. Бирок бизде ага керектүү дары-дармектер жок, болсо да аябай кымбат. Инсульт болгон адамга алты сааттын ичинде томография кылып, инсульттун кайсы түрү экенин аныктап, айтор тийиштүү жардамды бергенге жетишип калуубуз керек. Биздин бейтаптар болсо дайыма кеч калат. "Тез жардам" да убагында жетпейт, жетсе да кээде жол тыгындарда туруп калышат, атайын адистешкен автоунаалар дээрлик жок. Инсульт болгон адамды үйдө бир нече күн кармап, же эртеси эптеп жакындары машине менен өздөрү алып келишет. Колу иштебей калат, сүйлөй албай келишет. Ал эми комага түшкөндөрдү болсо дароо эле реанимацияга жөнөтөбүз. Бизде инсульт болгон адамды сактап калууда убакыттан уттуруп коюп жатабыз".

"Инсульт өлүмгө же майыптыкка алып барат"

Адистердин айтымында, инсульт болгон адамдардын 80% майып болуп калууда. Мындай диагноз коюлгандардын үчтөн бири өлүмгө учурайт. Азыркы тапта илимий медициналык топ Кыргызстандагы инсульттун башкы себебин изилдеп, алдын алуу үчүн атайын жол картасын чыгарууга белсенүүдө.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын жетекчиси, инсульт жана инфаркт миокардасы менен күрөшүү боюнча жол картасын түзүп жаткан илимий топтун башчысы Элмира Мамытова бул дартты дарылоодогу башкы көйгөйлөрдү санады.

"Биздин өлкөдө үй бүлөлүк дарыгерлер инсульттун алдын алуу боюнча өтө солгун иш алып барууда. Жеке эле догдурлар эмес, бейтаптардын өздөрү деле бул ооруга маани беришпейт. Убагында дары ичишпейт, кан басымын текшерип турбайт, башы ооруп, же кан басымы көтөрүлсө адиске кайрылып, кан суюлтуучу дарыларды алышпайт. Балким, каржы жетишпегенден улам ушинтеби, айтор ден соолукту акыркы планга коюшат. Кан басымды, кандагы шекердин өлчөмүн, холестиринди текшертишпейт. Бизде текшертели десе да анализ кылуучу жабдуулар жетишсиз. Ооруканага түшүп калса да диагноз коюуга зарыл болгон аппараттар жок. Бул ооруну каржылоо да жогорку деңгээлде эмес. Маселен инсультту азыр тромболизис, тромбоэкстракция деген ыкма менен гана дарылайт. Башкача айтканда, уюп калган канды атайын дары менен эритип түшүрөт. Бизде ал да жок. Бул үчүн мамлекеттен атайын каражат бөлүнүшү керек. Бир да мамлекеттик ооруканада мындай шарт түзүлгөн эмес. Ошентсе да аракет кылып, бул ыкмаларды улуттук ооруканаларга алып келгени жатабыз".


Саламаттык сактоо министрлиги 2014-жылы кан тамыр ооруларынан каза болгон учурларды эсептеп, Кыргызстанда инсульттан көз жумгандар Европа аймагындагы өлкөлөр, Казакстан, Молдова, Орусиядагылардан 10 эсеге көп экенин аныктаган.

Адистер буга жакырчылык, ашыкча салмак, өнөкөт оорулар, кан басым дарттары, туура эмес тамактануу, чылым чегүү, стресс сыяктуу бир нече факторлор себеп болорун айтышат.

Оорунун белгилери, кантип алдын алса болот?

Кан басымы жогору адамдар, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандарда инсульт болуу коркунучу жогору болгондуктан, тобокел топко киришет. Капилет келген бул дарттан коргонуу үчүн кан басымды ченеп, эгер жогору болсо керектүү дарыларды ичип, туура тамактанып, кыймылдуу жашоо зарыл.

Оорунун белгилерин тууралуу дарыгер Жылдыз Абдуллаева буларды айтат:

"Эң биринчи белгиси кишинин башы ооруйт, көбүнчө уктап туруп эле эртең менен мээсине кан куюлуп кеткен учурлар көп болот. Бул үчүн атайын "түнкү инсульт" деген терминибиз да бар. Бизге келген бейтаптар "атам же апам түндө жакшы эле жаткан, эртең менен турсак эле бир колу же буту иштебейт, же болбосо сүйлөбөй калыптыр" деп алып келсе, айрымдары эс учунан танып, комада бойдон келишет. Кан басымы барлар дарысын маалында ичпей койот. Анан кан тамыры жарылып жыгылганда гана ооруканага чуркашат. Инсульттун алдында 2-3 күн мурун баш ооруп, жүрөк айланышы мүмкүн".

Дүйнөдө жылына 101 миллиондон ашуун адам инсультка чалдыгат. 3,5 миллиондой киши бул оорудан көз жумат. Жакыр өлкөлөрдө инсульт болуу коркунучу жогору. Кыргызстанда жалпы инсульт болгондордун 59% пенсия курагындагылар. 41% жашы 18ден жогору жаштар болууда.

Ошентсе да дарыгерлер инсульт коркунучу бар тобокел топту тынымсыз көзөмөлгө алуу менен оорунун санын азайтса болот деп эсептейт.

Инсульттун алдын алуу үчүн кан басымды көзөмөлдөп, жашылча жемиштери көп тамак жеп, майлуу, шекери көп азык-түлүктөн баш тартып, чылым, алкоголдон узак болгон дурус. Ошондой эле кыймылдуу жашоо образы, психологиялык туркутуулук да бул оорудан сактайт. Эгер өнөкөт жүрөк, кан тамыр оорулары болсо, ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө керектүү медициналык жардам алып туруу зарыл экенин белгилешет адистер.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG