Кыргызстандык студенттердин дээрлик 71% тез татымдан тамактанып, таттуу суусундуктар менен чаңкоосун кандыра турганы атайын изилдөөнүн жүрүшүндө белгилүү болду. Адистер мындай адат жаштар арасында ар кандай оорулардын көбөйүшүнө жол ачарын белгилешет.
Бишкектеги эл аралык медициналык институту быйыл май, июнь айларында жүргүзгөн изилдөөгө борбор калаадагы ЖОЖдордун 500 студенти катышкан.
"Ысык тамак ичкенге убактым жок"
Нур Данияр уулу Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин 3-курсунда окуйт. Кесиби боюнча медициналык жабдуулардын техниги. Окуудан тышкары шаардагы ооруканаларда бузулган техникалык жабдууларды оңдоп, кошумча каражат табат.
Нур шаардагы тез татымдардын туруктуу кардары. Ал муну ысык тамакты сатып алып же жасап ичүүгө убактысы жок экени менен түшүндүрдү.
"Адатта университеттин ашканасынан эле сэндвич, майга бышкан токоч алып жейм. Себеби, жай отуруп тамак жегенге убакыт тартыш. Эртең менен 8де сабак башталып, түштөн кийин саат 4тө бүтөт. Сабактардын ортосунда он эле мүнөттүк эс алууга чыгасың. Сорпо алып ичүүгө андан көп убакыт керек. Анан газдалган суусундуктарды жакшы көрөм. Зыяндуу экенин билсем деле тез татымдын тамактарын жеп жатам. Дарыгерге атайын текшерилгени барбайм деле. Бирок сабактан тышкары иштеген учурда ооруканага кыйналып түшкөн адамдарды көп көрөм. Бардык оорунун алдын албаса кесепети оор болорун билем. Ошентсе да дарыгерге текшериле элекмин".
Студенттер арасында жүргөн изилдөөгө катышкан жаштардын 43% курамында ашыкча кант жана кофеини бар суусундуктарды күнүгө бир нече ирет ичерин айтышкан.
66% газдалган суусундуктарды жана мөмө-жемиш ширесин күнүнө жок дегенде бир жолу ичерин билдирген.
"Азаттыктын" сурамжылоосу: Кандай тамак ичесиз?
Студенттер арасында ашказаны ооругандар көп
Изилдөөнүн авторлору студенттер арасында тамакка уулануу, ичеги-карындын жугуштуу ооруларына чалдыгуу жана жүрөк-кан тамыр дартынан жабыркоо тобокелдиги жогору экенин белгилешет. Мындан тышкары сурамжылоого катышкан жаштар арасында ашказаны ооруганын айткандар болгон.
66% туура эмес азыктанарын билип турса деле бул көндүмдү таштабай турганын айтышкан.
Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетинин Албина аттуу студенти тез татымдан көп тамактанарын, акыркы убакта ашказаны ооруп жүргөнүн айтты:
"Менин окуу жадыбалым ар кандай, ошондуктан туура тамактана албайм. Анын үстүнө акчам деле аз, пирожки, сэндвич алып жейм, кола ичем. Ден соолугума зыяндуу экенин билем, бирок тамак жасап жегенге жетишпейм. Эки айга чукулдап калды, ашказаным аябай түйүлүп ооруп жүрөт. Ооруну басаңдаткан дарыдан ичип коем".
Инфографика Бишкектеги эл аралык медициналык институтунун изилдөөсүндөгү маалыматтардын негизинде даярдалды.
Бишкектеги студенттер бейтапканасынын башкы терапевт-дарыгери Айшагүл Кубатбекова соңку жылдары жаштар арасында тамак сиңирүү органдарынын илдети көп катталып жатканын ырастады.
"Студенттер кургак тамакты көп жешет, газдалган суусундуктарды ичишет. Мунун баары тамак сиңирүү органдарынын ишин бузуп жатат. Ашказандын гастрит оорусуна чалдыккандар көбөйдү. Шашып-бушуп тамактанышат, азык жакшы майдаланбаса ашказандын чел кабыгын өйкөп, жара пайда болот. Газдалган суусундуктар болсо ашказандын тамак сиңирүүчү суюктугун бөлүп чыгарууну кечеңдетет. Жакшы чайналбаган тамактын үстүнөн газдалган суусундук ичкенде ашказан кыйналат. Биз окуу жайларга, жатаканаларга барып, студенттерге туура тамактануу жол-жобосун айтып эле жатабыз. Атайын тренингдерди өтөбүз. Бирок күн өткөн сайын ашказаны ооруган улан-кыздар көп кайрылып жатат. Бул тенденция токтобосо, он жылдан кийин жаштардын саламаттыгы таптакыр эле болбой калабы деп чочулайм".
"Саламаттыгы чабал муун өсүүдө"
Студенттер арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жетекчиси, Бишкектеги эл аралык медициналык институттун кафедра башчысы Алфия Самигуллина тамактануу маданиятын калыптандырган мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө мезгил келди деген пикирде.
"Кан басым оорулары, ашыкча салмак, жүрөк-кан тамыр дарты, инфаркт, инсульт көбөйүп жатат. Буга кошумча жугуштуу оорулар, тамакка ууланган учурлар көп катталууда. Студенттер - булар өлкөнүн келечеги, элитасы эмеспи. Дал ошол элита туура эмес тамактануунун айынан иштеп, мамлекетке пайдасын тийгизе турган учурда ооруга чалдыкканы турат. Алар ден соолугунун айынан жакшы иштей албай, артта калат. Аябай өкүнүчтүүсү, зыяндуу азыктарга көз каранды муун кийин балдарын да ушундай тарбиялап, улуттук саламаттыкка доо кетиши мүмкүн. Туура эмес тамактануу экономикага да зыяндуу. Биз жакынкы үч-төрт айда туура эмес тамактануудан келип чыкчу оорулардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасирин да изилдеп чыгалы деп жатабыз".
Изилдөөгө катышкан студенттеринин жарымынан көбү "Өзүңүздүн ден соолугуңуздун азыркы абалын билесизби?" деген суроого "жок" деп жооп кайтарган. Дээрлик 81% өз саламаттыгы тууралуу эч нерсе билбейт.
Самигуллинанын айтымында, ар бир окуу жайда студенттер жылына бир ирет медициналык кароодон өтүшү керек. Бирок көп учурда мындай кароолор кагазда гана ишке ашып, жаштардын саламаттыгы иш жүзүндө текшерилбей калууда.
Ал туура тамактануу маданиятын калыптандыруу үчүн социалдык медиа аркылуу жаштарды сергек жашоого үндөө зарыл экенин белгиледи.
"Сапаттуу медициналык кароо жүргүзүлсө, гастрит же дагы башка ооруларды аныктап бермек. Жылына бир ирет догдурдун кароосунан өтсө оорулардын алдын алуу оңой болуп, адам өз саламаттыгына байланыштуу кандайдыр бир чечим чыгармак. Бизде азыр жөн гана "өттү" деп жазып берип койгон адат пайда болду. Ушундан улам бир топ оорулар билинбей калып жатат. Медиктер деле аларга кечке кайрыла бергенди жактыра беришпейт экен. Ушундай көнүмүш адат жаштарда калыптанып калганы өкүнүчтүү. Абалдан чыгуу үчүн азыр атайын концепция иштеп чыгалы деп жатабыз. Тилекке каршы, бизде туура тамактанууга үндөгөн жаштар арасында блогерлер да жок экен. Аларды тарбиялап чыгарып, социалдык медиа аркылуу атайын өнөктүк баштоо зарыл".
Бишкектеги эл аралык медициналык институту жүргүзгөн изилдөөгө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Кыргыз-Орус славян университетинин, Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 18-25 жаштагы 500 студенти катышкан.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү эки жыл мурда тамак-аштын сапатын текшерген атайын изилдөө жүргүзгөн.
Анда Бишкектин он базарындагы 600гө чукул тамак саткан түйүндөрдүн индустриялык жана колго жасалган азык-түлүгү текшерилген.
Натыйжада көчөдө сатылган шаурма, гамбургер, ашлямфу, манты, лагман, самсынын курамында химиялык иштетүүдөн өткөн трансгендик майлар жана туз ашыкча экени маалым болгон.
Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары жалпы өлүмдүн жарымынан көбүнө себеп болуп жатканы айтылып келет. Расмий маалыматтарда жылына 18 миңге чукул кыргызстандык жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан көз жумат. Адистер акыркы жылдары инсульт жана инфаркт жашарганын айтып, коңгуроо кагып келишүүдө.