Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

“Умтулуу-2022” медиа сыйлыгы тапшырылды


“Умтулуу” медиа сыйлыгы. Интерньюс Кыргызстан. Бишкек.
“Умтулуу” медиа сыйлыгы. Интерньюс Кыргызстан. Бишкек.

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан жыл сайын өтүп келе жаткан “Умтулуу-2022” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

16-декабрда өткөн аземге өлкөдөгү маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Сынакка жалпы 162 иш жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча 18 материалдын авторлору жеңүүчү деп табылды.

Сыйлык тапшыруу аземи учурунда жергиликтүү калыстар тобунун төрайымы, журналист Аскер Сакыбаева быйыл Кыргызстанда журналисттер оор сыноолорго туш болгонун белгилеп, ага мисал катары Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышын, “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүн атады.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы жаңыдан ишке киришкен элчиси Лесли Вигери Кыргызстанда эр жүрөк журналисттер иштеп жатканын белгиледи.

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Умтулуу-2022” медиасынагын 2018-жылдан бери өткөрүп келе жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG