Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

УКМК Аксыда көмүр компаниялары мамлекетке 4,5 млн. сомдук зыян келтиргенин кабарлады


Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр казган менчик ишканалардын мыйзамсыз иштери аныкталганын маалымдоодо.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул ишканалар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок иштеп келген. Анын кесепетинен мамлекетке 4 млн. 477 миң 723 сом зыян келтирилген. УКМКнын жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул ишканалар өз ыктыяры менен мамлекетке 2 млн. 205 миң 715 сомду кайтарып берди.

Учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатканы кабарланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG