Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы белгиленип жатат


Эрежеге ылайык, Кыргызстандын гимни ырдалганда жарандар оң колун жүрөктүн тушуна коёт.
Эрежеге ылайык, Кыргызстандын гимни ырдалганда жарандар оң колун жүрөктүн тушуна коёт.

Бүгүн, 17-декабрда Кыргызстандын Мамлекеттик гимни кабыл алынганына 30 жыл толду. Буга байланыштуу мааракелик салтанат А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп жатат.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги уюштурду. Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аземге гимнди кабыл алган легендарлуу парламенттин депутаттары, гимндин сөзүн, музыкасын жазган авторлордун балдары - Канат Садыков, Элнура Кулуева, Батыр Давлесов, окумуштуулар жана башка жарандар катышууда.

1992-жылы 17-декабрда кабыл алынган мамлекеттик гимндин сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык.

Мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия 2012-жыл гимндин экинчи куплетин толугу менен алып салууну чечкен. Ага негизинен ”бейкуттук” деген сөздүн карама-каршы мааниге ээ экендиги себеп болгон. Комиссия мүчөлөрү “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келген. Бул эрежеге нааразы болгондор да бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG