Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Италиялык ырчыны таарынткан гонорар, акталбай калган чыгым


Белгилүү италиялык опера ырчысы Алессандро Сафина.
Белгилүү италиялык опера ырчысы Алессандро Сафина.

Италиялык белгилүү ырчы Алессандро Сафинанын Бишкекке келип, бир ырды аткарып эле кетип калганы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, кайчы пикирлерди жаратууда. Окуяны милиция териштире баштаганы маалым болду.

8-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында италиялык опера жана эстрада ырчысы Алессандро Сафинанын концерти өтпөй калды.

Алессандро Сафина зал толтура көрүүчүлөрдүн алдында буга уюштуруучулар менен пикир келишпестик себеп болгонун айткан.

“Соңку бир саатта уюштуруучулар менен пикир келишпестик жаралды. Мага бул абдан өкүнүчтүү болуп турат. Ошол себептен ачуумду да баса албай турам" , - деген ал.

Ал концертке келген күйөрмандарынын суранычы менен бир чыгармасын гана аткарган.

Окуядан кийин уюштуруучулардын бири залга чыгып, көрүүчүлөрдү акчасын кайтарып берүү үчүн кассага чакырган. Билетти онлайн сатып алгандар көп болгондуктан, учурда акча толук кайтарыла элек.

Сафинанын концертине баргандардын айтымында, алдыңкы катар үчүн билеттер 13 миң сомго чейин сатылган.

"10 миң доллар гонорар"

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев “Азаттыкка” концерттин үзгүлтүккө учурашы боюнча түшүндүрмө берди.

Истамбаев белгилегендей, Сафинанын гастролуна театрдын тиешеси жок. Ырчыны Бишкекке концерттерди уюштуруп жүргөн Sold Out Show компаниясы чакырган.

Алмазбек Истамбаев.
Алмазбек Истамбаев.

"Sold Out Show компаниясы биз менен театр залын ижарага алуу боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, биз келишимдеги бардык талаптарды аткардык. Конокторду тосуп алдык. Ырчыга 10 миң доллар гонорары жетпей калгандыктан ушундай иш болду. Сафина жайында деле ушундай шарттарга макул болуп келген экен. Бул ирет “акчаны алмайынча сахнага чыкпайм” деп туруп алды. Биз абалды жөнгө салуу үчүн акчаны сураштырып таап бердик, бирок ал албай койду. Көрсө, себеби такыр башкада экен. Көрүүчүлөр суранганда бир чыгарманы араң аткарды. Концертке чейин үнүн бузуп алганы билинди. Ошого шылтоолоп эле койду окшойт. Ал күнү мага Маданият министрлигинен, өкмөттүн аппаратынан чалышты, мен келишимдер баары ордунда экенин далилдеп көрсөттүм”.

Опера жана балет театрынын жетекчиси кошумчалагандай, Алессандро Сафина концерт башталганга чейин симфониялык оркестр менен даярданган.

Театр Sold Out Show копаниясы менен бир нече жылдан бери кызматташып келген.

Жетекчинин айтымында, Алессандро Сафинанын август айындагы концерти ийгиликтүү өтүп, уюштуруучулар театрга 33 миң долларлык санарип пианино алып беришкен.

"Театр артындагы ачык асман алдындагы концерттерибизде ошону иштетип жаттык. Бул жолку концерт да жакшы өтсө микшердик пульт алып беришмек, ал ишке ашпай калды", - деди Истамбаев.

"Билеттин акчасы кайтарылат"

Сафинанын концертин уюштурган Sold Out Show копаниясынын өкүлү Айгүл Тилекматова көрүүчүлөрдүн акчасы жакын арада кайтарыларын убада кылууда.

"Акчаны сөзсүз кайтарабыз. Концерт болбой калган күнү да колдон келишинче кайтарып бердик. Билетти онлайн сатып алгандарга акчаны картасына которобуз. Социалдык тармактарда концертке зал толо көрүүчү келгенин жазышууда, чынында андай болгон эмес. Көпчүлүк эл чакыруу билеттери менен келген, айрымдарына билеттерди бартердик негизде бергенбиз. Ошентип 200дөн ашык гана билет сатылган. Жогорку деңгээлдеги артист үчүн биз залды толук толтурушубуз керек эле, толтура албадык. Буга эч кимдин күнөөсү жок. Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, катабызды моюндайбыз. Анткени биздин чыгымдар көп болуп кетти. Концерттин акыркы күнүнө чейин бардык билеттерди сатабыз деген ишеним бар эле. Тилекке каршы мындай болбой калды. Баары эле билет кымбат болгонун айтып жатышат, Алессандро Сафина өзү кымбат артист да. Ага бизнес-класстагы авиабилеттерди сатып бердик, анан да ал жалгыз учуп келбейт. Алты адамды ээрчите келди. Билеттерге кеткен чыгым эле 800 миң сом болду".

Айгүл Тилекматова италиялык опера ырчысы негизи канча гонорарга келишим түзгөнүн ачык айткан жок. Ал дагы ырчынын жайында ушул эле театрда өткөн концерти ийгиликтүү болгонун, анда демөөрчүлөр да жардам беришкенин белгиледи.

Алессандро Сафинанын Бишкекте концерти өтпөй калгандан кийин милиция териштирүү ишин баштаган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Айбарчын Баатырбекова “Азаттыкка” мындай деди:

“8-декабрда саат 20:11де милицияга билдирүү түшкөн. Анда улуттук опера жана балет театрында өтө турган концерт үзгүлтүккө учурап, билеттин баасын кайтарбай жатканы кабарланган. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, кконцерттин уюштуруучулары көрүүчүлөрдүн аздыгынан улам ырчынын гонорарын төлөй албай калганын аныкташкан. Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин маалымат каттоо журналына катталып, тергөө амалдары башталган. Концерттин уюштуруучулары Т. А. жана К. Б. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, териштирүү иштери уланууда”.

"Чыгармачылыкка мамиле улут деңгээлин аныктайт"

Белгилүү эстрада ырчысы, ишкер Самат Дөөлөтбаков чет өлкөлүк ырчылар менен келишип түзгөндө тобокелге барбай, акыл менен иш кылуу керек деген пикирде. Ал мындай кырдаалдар уюштуруучулардын эле эмес, жалпы кыргыз маданиятынын беделине көлөкө түшүрөт деп эсептейт.

Самат Дөөлөтбаков.
Самат Дөөлөтбаков.

“Мен ишкер катары уюштуруучуларды да, ырчы катары Алессандронун абалын да түшүнүп турам. Бирок бардык ишкер, уюштуруучу бир иш баштардын алдында анын кесепетин да ойлошу керек. Булар залды толтурууну алдын ала пландашы керек эле. Сафина гонорарды албай эле кетип калыптыр, бирок анын деле өз чөйрөсү бар да. Ал “Кыргызстанда ушундай мамиле болот экен” деп айтышы мүмкүн. Бул жагынан алганда уят иш болду. Биз да убагында эл аралык деңгээлдеги ырчыларды өлкөгө чакырганда гонорары бир нече күн мурун жүз пайыз төлөнмөйүнчө келишчү эмес. Бул уюштуруучуларды тааныбайт экем, бирок алар артист менен кыргызчылык кылып эле “кийин сүйлөшүп алабыз” дешсе керек. Негизи чыгармачыл адамдарга мындай мамиле кылбаш керек. Чыгармачылыкка мамиле ар бир улуттун деңгээлин аныктап турат”.

Алессандро Сафинанын концертинин үзгүлтүккө учурашы улуттук опера балеттеги жалгыз көрүнүш эмес. Буга чейин 2021-жылы 6-мартта театрда орусиялык артисттер менен бирге коюла турган “Ак куу көлү” спектакли башталар алдында айрым жергиликтүү артисттер сахнага чыкпай койгон. Муну алар гонорар маселеси менен түшүндүргөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG