Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Миграциядагы чыгармачылык: четте жүргөн таланттар


Коллаж. Эламан Келдибеков, Элдияр Бакчиев, Гүлшан Конушева.

Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдары туташ жумушсуздук жана жан багуу аргасынан миңдеген кишилер мекенин таштап, чет жактарга эмгек миграциясына агылган. Алардын арасында интеллектуалдар, музыканттар, дарыгер, акын-жазуучулар да бар эле. Чейрек кылымдан бери өлкө сыртында жүргөн чыгармачыл кишилерге миграция таасири кандай болду?

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эмгек мигранттарынын биринчи агымы менен чыгып кеткендердин бири белгилүү акын Толук Бек Байзак дале мекенине кайта элек. Учурда ал Түркияда эмгектенүүдө.

Толук Бек Байзак.
Толук Бек Байзак.

"Экономикалык абал оор эле. Курсак кээде ач, кээде ток эле. Карточкалык система менен азык-түлүк алып калганыбыз да эсимде. Ошол кездеги менин бир айлыгыма бут кийим да ала алчу эмесмин. Бирок эгемен өлкөнүн эгемен жарандары элек. Анан оор күндөр башталды. Жашоо үчүн бирибиз Алтайга, бирибиз Каңгайга тентип кеттик”,-дейт акын.

Ал бул абалды минтип ырга салган:

“Эгемендик, эх кайран эгемендик,
Эркиндик деп кыйкырдык, чебелендик,
Ээсиз элди ээрчиткен эрен чыкпай,
Эчен жылдар дүйнөнү тегерендик”.

"Классикалык искусство бааланбай калды"

Бирок 31 жыл ичинде миграциянын агымы басаңдаган жок. Мурдагыдай эле өнөр адамдары аргасыз чет жакка чыгып кеткен мисалдар арбын.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлшан Конушева Казакстандагы "Астана-Опера" мамлекеттик опера жана балет театрына концертмейстер болуп өткөн жылы күзүндө жумушка орношкон.

Ал буга чейин Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында атайын фортепиано кафедрасынын башчысы болуп эмгектенчү. Коңшу өлкөгө иштеп кеткен өнөр адамы жашоосундагы мындай бурулушка бир чети үй-бүлөлүк жагдай, бир чети өлкөдө классикалык искусство бааланбай калганы себеп болду дейт.

Гүлшан Конушева.
Гүлшан Конушева.

“Классикалык искусство, тилекке каршы, биздин көптөгөн чиновниктердин көңүл сыртында калды. Искусство тармагы биз каалагандай болуп, башка өлкөлөрдөгүдөй өнүгө албады. Албетте, азыркы тапта классикалык искусство бүт дүйнөдө дүркүрөп өнүгүп кетти дегенден алысмын. Бирок баары бир ага өз деңгээлинде көңүл бурулуп, акырындан өнүгүп бара жатат. Тилекке каршы, бизде андай болбоду. Тескерисинче, башка тармактардын артында калды. Буга биздин өкмөттүн көңүл буруусун каалайм”.

Конушева бир топ дасыккан маданият ишмерлеринин чет жакка чыгып кеткенине кейип, мындай тенденция эгемен өлкөнүн келечегине кайсы бир деңгээлде коркунуч туудурат деп кооптонот.

“Албетте, соңку кезде жакшы тенденциялар да болууда. Маданият ишмерлеринин маяналары көтөрүлүп жатат. Бирок бул кадам аздык кылат деп корком. Тилекке каршы, искусство мамлекетке каржылык пайда алып келүүчү тармак эмес. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө искусство материалдык пайда алып келбейт. Искусство өзү каржыланууга муктаж. Берешен адамдар же мамлекет тарабынан камкордукка алынышы керек. Ансыз коомду, ийгиликтүү, күчтүү өлкөнү куруу мүмкүн эмес. Анткени маданият гана бизди интеллигент, интеллектуал кылып калыптандырат. Ошондой адамдар гана күчтүү, ийгиликтүү өлкөнү курат. Андыктан маданиятты өстүрүү маанилүү. Ага мамлекеттик казынадан чоң суммадагы каражаттар бөлүнүшү керек”.

Гүлшан Конушева эмгектенген Казакстандын Нур-Султан шаарындагы "Астана опера" мамлекеттик опера жана балет театры.
Гүлшан Конушева эмгектенген Казакстандын Нур-Султан шаарындагы "Астана опера" мамлекеттик опера жана балет театры.

Гүлшан Конушева азыр эмгектенип жаткан "Астана-Опера" мамлекеттик опера жана балет театрында кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, театрдагы музыкалык аспаптар жаңы дейт. Коңшу өлкө үй-бүлө менен көчүп келген музыкантка жаңы курулган үйдөн үч бөлмөлүү батирди акысыз беришкен.

Бирок өнөр адамы аталган өлкөнүн жарандыгын албай жүргөнүн, эртеби-кечпи Кыргызстанга кайтып келерин айтат.

"Челябинскиде мага мыкты шарттарды түзүп беришти"

Кубанычбек Жусупов шакирти Ильяз Идирисов менен.
Кубанычбек Жусупов шакирти Ильяз Идирисов менен.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында 25 жылдай иштеген музыкант Кубанычбек Жусупов да учурда чет жерде.

Ал үч жылдан бери Орусиядагы Челябинск шаарындагы филармонияда жаңы түзүлгөн оркестрде гобой аспабында ойнойт. Мындан сырткары ушул эле жайда үйлөмө аспаптар оркестринде да иштейт жана Петр Чайковский атындагы музыкалык институтта студенттерге сабак берет.

“Музыкантка көп деле каражаттын кереги жок, болгону туура мамиле керек. Анан социалдык жактан да бир аз карап, шарт түзүп берсе жакшы болмок. Бизде андай нерселер каралбай калган. Аспаптардын эскилиги жетип бүткөн. Ойногондо рахат албай эле, ден соолугуң кетет. Ал эми азыр эмгектенип жаткан жердин шартын башкаларга айтсаң жомоктогудай сезилет. Мен сынактан өтүп келгенде эле дароо автоунаага отургузуп, кийим алып беришти. 17 миң долларга аспап алып беришти. Эч нерсенин кереги жок, жашаган жерим акысыз”, - дейт музыкант.

Жусупов мындан сырткары да шакирттерди тарбиялап, алар ийгиликке жеткенде устаттарга атайын шыктандыруу максатында сыйлыктар каралганын кошумчалады. Ал учурда жаш гобойчуларды тарбиялоодо.

Видео: Челябинскидеги жаңы симфониялык оркестрдин бет ачары

"Кеп маянанын аздыгында деле эмес"

Миграциянын агымына классикалык искусствонун гана өкүлдөрү эмес, дегеле өнөр менен оозангандардын бир тобу бар. Маселен, Орусиянын Челябинск облусундагы көчмө циркте эмгектенип жүргөн каскадёр Айбек Момунов Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктен жетекчилик тараптан кодулоо болгонунан улам чет жерде жүргөнүн кеп салды.

Айбек Момунов.
Айбек Момунов.

“Буга чейин да мени циркке штатка албай, бир тараптуу салкын мамиле жасагандыктан кетүүгө мажбур болгом. Биздин өсүп келаткан жаштарга тоскоол болгон нерсе ушул. Кеп маянанын аздыгында деле эмес. Эгер адам кесибин сүйсө, аз акчага деле иштей берет. Биздин кыялыбыз кантсе да өзүбүз бир канча жыл кызмат өтөгөн кыргыз циркинде ысымыбыз калса дейбиз”.

Айбек Момунов командасы менен оюн көрсөтүү учурунда.
Айбек Момунов командасы менен оюн көрсөтүү учурунда.

Цирк өнөрпозу Айбек Момунов 2013-жылдан бери Түркия, Орусия, Кытай, Казакстан өңдүү мамлекеттерде да өнөрүн тартуулап келет. Ал канчалык ийгиликке жеткени менен өз мекениңде ийгиликтерге жетишип, ата-энесинин кашында жүрүүнү самайт.

Сулуулук салон иштеткен төкмө акын

Эламан Келдибеков жумуш учурунда.
Эламан Келдибеков жумуш учурунда.

Соңку кезде кыргыздын айтыш өнөрүндө да бир топ жаш таланттардын жылдызы жанып, эл алкоосуна арзыды. Бирок бул өнөрпоздордун ичинен да айрымдары сахнадан алыстап, тиричилик жүгүн артынып чет жерге кетишти.

Алардын бири - элге таанылган, куйкум сөздүү акын Эламан Келдибеков. Төкмө акын буга чейин Орусиянын борбору Москвада тигүүчү болуп жүрсө, учурда сулуулук салонунда иштеп жатыптыр.

“Мурун келип кеттим эле. Москванын тузу оор деген чын окшойт. Кыргызстанда 5-6 ай жашап эле кайра келе бердим. Мурда тигүү тармагында иштесем, азыр сулуулук тармагына өтүп кеттим. Келинчегим мурда ушул тармакта иштечү. Анан экөөбүз ойлонуп, чакан сулуулук салонун иштетип жатабыз. Кожоюну да өзүбүз, кызматкери да өзүбүз. Чыгармачылыкка деле бош убактым болуп жатат, анткени мурдагыдай бир жетекчинин алдында көз каранды болбой калдым. Төкмө акын катары жеке пикир айтсам, мен ырдаганым үчүн мамлекетке милдет кыла албайм. Ырдаганымдын акысы эл мени сүйүп, колдоп кол чаап турганы деп ойлойм”.

“Орусияда бир жыл иштеп келдим"

Элдияр Бакчиев.
Элдияр Бакчиев.

Өлкөдө 2022-жылдын 1-апрелинен баштап маданият кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлгөн. Маселен, буга чейин айрым мамлекеттик маданий мекемеде 5 миң сомдон айлык алып келген кызматкер 10 миң сомдон өйдө ала баштаган.

Айлык акынын жогорулашынан кийин чет өлкөлөргө иштеп кеткен өнөр адамдарынын ичинен кайрадан мурдагы жумушуна кайтып келгендери да бар.

Алардын бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Элдияр Бакчиев.

Ал Орусиянын Пермь шаарындагы 150 жылдык тарыхы бар Петр Чайковский атындагы опера жана балет театрында бир жыл эмгектенди. Башка артисттер сыяктуу эле Бакчиев да маданий жайга конкурс аркылуу тандалган.

“Орусияда бир жыл эмгектендим. Азыр Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрге кайрадан орношуп, иштей баштадым. Өз өлкөмдө мындан башка президенттик камералык оркестрде, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте иштедим. Ал жерден республикалык жана эл аралык конкурстардын көптөгөн лауреаттарын тарбиялап чыгардым. Азыр кээ бир окуучуларым Москвадагы консерваторияда, колледждерде окуса, айрымдары оркестрде иштеп жүрүшөт”.

Анткен менен Элдияр Бакчиев айлык акыны көтөрүү менен маселе толук чечилбесин айтат. Анын айтымында өлкөдөгү симфониялык оркестрлерде 1960-жылдары сатылып алынып, эскилиги жеткен музыкалык аспаптар колдонулуп келет.

"Оркестрде иштеп жүргөн 10 кыргыз музыкант бар болчу"

Нурайым Джолбунова.
Нурайым Джолбунова.

Виолончелист Нурайым Джолбунова да Орусиянын Челябинск шаарында жаңы түзүлгөн оркестрде бир жыл эмгектенген. Жакын арада ал да мекенге болгон сагынычтан улам Кыргызстанга кайтып келди.

“Ал жакта оркестрде иштеп жүргөн 10 кыргыз музыкант бар болчу. Алардын ичинен үчөөбүз мекенге кайтып келдик. Бир жыл ичинде жаңы түзүлгөн оркестр менен Орусиянын беделдүү концерттик залдарында көптөгөн жакшы концерттерди бердик, бир канча шаарларында жана Дубай баштаган чет өлкөлөрдө гастролдо болдук. Бирок баары бир өз мекениңе жетпейт экен. Бул жактагы кесиптештерди, досторду, жакындарды сагынат экенсиң. Анан бир сезонду бүтүрүп кайтып келе бердик. Бир чети Кыргызстандагы кесиптештердин жакшы жылыштар болуп жатканын айтканы да дем болду”.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бир топ маданият өкүлдөрү чет жактарга чыгып кеткени айтылып келет. Дегеле азыркы учурда искусствонун ар тармагынан дүйнөнүн булуң-бурчунда ийгилик жараткан мекендештердин катары калың. Алардын көпчүлүгүн Кыргызстанда маданият тармагына көңүл бурулат жана өнүгөт деген ишеним бириктирип турары маалым.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG