Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

АКШда жашаган кыргызстандык пианист Бишкектеги мектепти колдоо акциясын баштайт


Азамат Сыдыков, пианист.
Азамат Сыдыков, пианист.

Америка Кошмо Штаттарында жашаган белгилүү кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков Бишкектеги республикалык музыкалык Мукаш Абдраев атындагы мектепти колдоо үчүн виртуалдык концерттерди баштайт.

Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды. Концерттер онлайн тартипте Манхэттенден көрсөтүлүп турат.

Азамат Сыдыков: «2021-жылы мен Бетховендин сонаталарын фортепианодо жыл бою ойноймун. Чогулган каражатка мектептеги таланттуу балдар үчүн музыкалык аспаптар алынат. Азыркы тапта бул окуу жайынын абалы өтө оор, мен өз мектебиме жардам берүүнү чечтим», деп жазып, массалык маалымат каражаттарын бул мектептин абалына көңүл бурууга чакырган.

Азамат Сыдыков Нью-Йоркто жашайт. Ал М.Абдраев атындагы республикалык музыкалык окуу жайынын, Москвадагы П.И. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын бүтүрүүчүсү.

Сыдыков - атактуу Карнеги-холлдо пианино ойногон кыргызстандык алгачкы музыкант. Ал АКШдан тышкары Германия, Түркия, Финляндия, Иран, Швейцария, Голландия, Украина, Кытай, Италия жана Испания өлкөлөрүнүн чоң сахналарына да чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG