Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Бишкекте башаламан курулушка каршы акция өтүп жатат


Бишкек мэриясынын алдындагы каршылык акциясы.
Бишкек мэриясынын алдындагы каршылык акциясы.

Бүгүн, 15-декбрда Бишкек мэриясынын алдында борбор шаардагы башаламан курулушка каршы акция өтүп жатат. Ага 20 чакты жарандык активист катышууда.

Акциядагылар Бишкек шаарынын деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылууда. Алар «аталган пландын негизинде Бишкектеги жер аянттары ишкер чөйрөгө берилип жатат, ишкерлер көп кабаттуу үйлөрдү курганы менен инфратүзүм, шаардын экологиясы унутта калып жатат» деп билдиришүүдө.

Акцияга чыккандар ошондой эле жаңы курулуп жаткан үйлөр стандартка жооп бербейт деп эсептеп, курулушка уруксат берип жаткан шаар бийлигин жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатышат.

Чогулгандар ошондой эле шаар башчылыгын абанын булганышын токтотуу боюнча чара көрүүгө чакырды. Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы катарда турат.

Мэриянын жетекчилиги акциянын катышуучуларынын талаптарын угууга чыга элек. (AiB)

XS
SM
MD
LG