Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

COVID-19: ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетиштүү


Бишкектин базарларынын биринде тартылган сүрөттөр. Беткап кийүү талабына баш ийбегендер бар.
Бишкектин базарларынын биринде тартылган сүрөттөр. Беткап кийүү талабына баш ийбегендер бар.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккандарды кабыл алыш үчүн орундар жетиштүү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге таянып билдирди.

Бейтаптарга даярдалган 8000 орундун 4620сы колдонулууда. Дарылоо үчүн 4943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты бар.

Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын саны – 1948 киши. Алардын ичинен 86сы өтө оор, 516сы оор, 1322си орто оор абалда жатат.

15-декабрга карата дагы 236 адамдан коронавирус илдети аныкталып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Расмий эсепке ылайык, андан бери коронавирус 77 910 кишиге жукту, алардын 1316 каза болуп, 70 867 бейтап айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG