Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

УКМК: «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясында коррупциялык дагы бир схема аныкталды


Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алуу иштеринде кезектеги коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында маалым болгондой, мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлдөнгөн чарбалык субъектилердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуу иштерин жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.

Мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жеке мамлекеттик сатып алуу үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты.

2020-жылдын 14-декабрында көрсөтүлгөн сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде «Кыргыз темир жолунун» Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» кармалып, КР УКМК тергөө абагына киргизилип, тергөө уланууда.

Буга чейин ноябрь айында УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы коррупциялык иштердин бетин ачканы маалым болгон. Темир жолго сапаты начар курулуш материалдарын алуунун айынан мамлекеттик бюджет 25 миллион сомдон ашуун зыян тартканы аныкталган.

Бул иш боюнча аталган мамлекеттик ишкананын И.Г.А. аттуу кызматкери 4-ноябрда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») боюнча кармалып, сотко чейинки териштирүү башталган эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG