Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Референдум өткөрүүгө 40 млн. сомдой каражат сарпталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Референдум өткөрүүгө 39 миллион 946 сом коротулат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-декабрда референдум өткөрүүнүн чыгымын 14-декабрда бекитти.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, каражаттын 19 миллион 567 миң 200 сому ар кандай чыгымдарга жумшалат. Ал эми транспорттук чыгымдарга 8 млн. 898 миң 800 сом, иш-сапарларга 4 млн. 100 миң сом, ижара акыга 50 000 сом, Соцфондго 163 000 сом жана айлык акыга 942 000 сом сарпталат.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен чогуу өтөт. Анда жарандар башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандашы керек:

- президенттик;
- парламенттик;
- бардык варианттарга каршы;

Ал эми президенттик шайлоого бюджеттен 549 миллион сом коротулары буга чейин айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG