Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Түркияда жаңы жылга карата коменданттык саат киргизилди


Түркия.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилгенин кабарлады.

Президент Эрдоган коронавирус илдети жуккандар көбөйүп жатканын, ушундан улам эл көп чогулган жаңы жылды майрамдоого чектөө киргенин эскертти.

Ал арада 15-декабрдан тартып Түркиядагы бала бакчалар ачылары да кабарланды.

Бул өлкөдө 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 14-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 16 646 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 1 миллион 900 миңден ашып, алардын 1 миллион 700 миңге жакыны айыгып чыкты. (ElB)

XS
SM
MD
LG