Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

16-декабрда кээ бир аймактарда кар жаайт


Жумгал районунда тартылган сүрөт.
Жумгал районунда тартылган сүрөт.

16-декабрда Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан жел согот.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8,

Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -8....-13,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24...-29, күндүз -10...-15° болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -6…-8°.

XS
SM
MD
LG