Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтагы эки кудасы тууралуу түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров, президенттикке талапкер.
Садыр Жапаров, президенттикке талапкер.

Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы толкундоонун арты менен бийликке келгенден кийин өзү мамлекеттик кызматка дайындаган эки кудасы тууралуу түшүндүрмө берди.

«5-октябрда өлкөдөгү абал 2010-жылдагы учурга окшош башаламан эле. Ошондой оор убакта мамлекеттеги коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп, кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырдык. Өзүм билген адамдарды дароо маанилүү кызматтарга дайындадым. Болжол менен 20дай мамлекеттик кызматкерди дайындагам. Алардын арасында эки кудам да бар экен. Бирок президенттик шайлоо бүткөндөн кийин мен убада кылгандай аким, губернатордон тартып бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындалат», - деди Садыр Жапаров 15-декабрда Талас облусундагы уюштурулган жолугушуулардын биринде.

Буга чейин «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жаңы дайындалган башчысы Турусбек Түмөнбаев менен Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаров Садыр Жапаровдун кудасы экендигин Factcheck.kg жазган. Андагы маалыматка караганда Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын, ал эми Таштанбек Каймазаров эжеси Райкүл Жапарованын кудасы.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу максатында 15-октябрдан тарта расмий киришкен премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп, президенттин милдетин аткаруу кызматын өткөрүп берген.

БШКнын маалыматына караганда президенттикке 18 талапкер ат салышып жатат. 15-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ушул эле күнү мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум өтөт. Ал тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн жумада чукул кабыл алган. (BCh)

XS
SM
MD
LG