Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелер Бишкекте талкууланууда


Кыргызстандын УКМКнин жетекчиси Камчыбек Ташиев(оңдо) менен Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов(солдо). 15-декабрь, Бишкек.
Кыргызстандын УКМКнин жетекчиси Камчыбек Ташиев(оңдо) менен Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов(солдо). 15-декабрь, Бишкек.

Бишкектин четиндеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууланууда.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын 15-декабрдагы биргелешкен жыйынына кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси (өкмөт башчынын орун басары рангында) Мехриддин Хайриддинов катышууда.

Кыргыз өкмөтү тараткан кабарга ылайык, Ташиев мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Бир ай мурун Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG