Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча карталарды, чечимдерди тактоо сунушталды


1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан.
1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан.

Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында депутат Закир Шарапов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйынына чейин картаны тактап алууну өкмөткө сунуш кылды.

"Кадамжай районунун эли менен жакында эле жолугушуп келдим. Алар чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү суранышты. Чек ара боюнча жумушчу топту ошол жакка жибериш керек. Алар ички маселелерди тактоого тийиш. Жергиликтүү бийлик жана эл менен сүйлөшүп, 1925, 1927, 1953, 1961, 1965-жылдардагы карталарды, эгемендик алгандан кийинки инвентаризациянын чечимдерин тактап, паритеттик комиссиянын жыйынына даяр материал алып барышы керек. Антпесе, маселе чечилбейт".

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки мамлекеттин өкмөттүк комиссияларынын кийинки жолугушуусу 20-июнда Өзбекстанда өтөрү күтүлүп жатат.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жаракат алганы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG